Каалганы “тарс” жаап чыгып кеттиң эле, азыр бактылуусуңбу?
Акырындап сезимдерге жарака кетти. Жанда жок өзүмчүл жан болуп чыктың. Эки уулдуу болдук. Жандалбастап бала багууга да, иштөөгө да жетишип, “жашообузда бир нерсе жаратсак, үстүбүздө жаркыраган үйүбүз болсо, балдарыбыз жакшы билим алса” деп далалаттандым. Олчойгон суммадагы кредит алып, аны төлөп, үстүбүздө үй туруп калганына кубанып иштей бердим.
А сенчи? Өзүңдөн артпады. Артмак тургай жетпеди. Кийимдин кымбатын кийип, өзүңдүн гана баскан-турганыңдан алган айлыгың артпады. Шаан-шөкөттү, күн аралата көңүл ачууну, ичип келүүнү жактырчусуң. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин сенин накта жүзүңдү тааныдым. Сенин жашооңдо дагы бир аялзаты, мага окшоп өз кара жанын эмес, сенин кызыкчылыгыңды ойлогон дагы бир көңүлдөштүн жашоосун ээлепсиң. Ал дагы уул төрөп бериптир. “Эл оозунда элек жок” дегендей, баары ачыкка чыкты. Катуу уруштук. Каалганы “тарс” жаап чыгып кеттиң. Артыңдан кат жаздым: “Экинчи келбе, ошол экинчи бүлөңдү бактылуу кыл. Мен жалгыз жашап деле бактылуу жашоо кечирем” дедим.
Арадан бир айдай убакыт өттү. Сен келген жоксуң. Өзүмдү эчак жоготуп, унутуп коюпмун. Өзүмдү таптым...
Мунара
Aryba.kg