Акыркы кабарлар
» Экономика » Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Карыз алуу жыл сайын көбөйүп баратат, өзгөчө акыркы убактарда”
Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Карыз алуу жыл сайын көбөйүп баратат, өзгөчө акыркы убактарда”
08-июль, 09:35
364 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌-- Тышкы, ички карыздар тууралуу чырылдап айтып чыктыңыз. Бийликтин кысымына да кабылдыңыз. Акыбалыбыз оорлоп, азабыбыз алдыда сыяктуу...
-- Азыркы бийлик былтыр жаңы келгенде “ашып кетсе 2-3 жыл аралыгында биз тышкы карызды азайтып, кутулабыз” деп айткан. Бирок, тилекке каршы, мурдагы эле жол менен кетип баратабыз. Тышкы карыз алуу жыл сайын көбөйүүдө. Өзгөчө акыркы убактардагы “Россиядан карыз алабыз” дегендери коркунучтуу боло баштады. Министрлер кабинети “500 млн. доллар Россиянын коммерциялык банктарынан алабыз. 160 млн. доллар Россиянын ошол Евразиялык стабилдүүлүк фондунан алабыз” дегени – бул экономикабыздын начарлап бара жатканынын далили болуп эсептелет. Экинчи коркунучтуу нерсе – биз Кытайдан алган кредиттердин ж.б. эл аралык финансылык уюмдардан алган карыздарды төлөөнүн жогорку деңгээлине жеттик. Мурдагы алган тышкы карыздын үстөгүн төлөөгө туура келет. Бул дагы экономикабызга коркунуч жартпай койбойт.
Үчүнчү коркунучтуулугу – биздин бийлик ички карызды көбөйтүп жиберди. Мамлекеттин ичинен алган карыздарыбыз барган сайын арбып баратат. Мисалы, биз тышкы карыздарды ошол эле Дүйнөлүк банктан, Международная ассоциация развития (МАР) деген уюм бар, ал дагы Дүйнөлүк банктын топтору. Же болбосо Эл аралык валюта фонддорунан алган акчаларыбызды 1% менен ала турган болсок, азыр биздин бийлик ала баштаган ички карыздар Кытайдын карыздарынан да коркунучтуу.
Мисалы, 2020-жылы Сооронбай Жээнбеков баштап, биздин азыркы бийлик бүтүргөн кезде ички карызыбыз 58 млрд. сом болсо, ал карызды азыркы бийлик 72 млрд. сомго чыгарышты. Аркы жылкыга караганда 14 млрд. сомго көп алышты. Бул жылы болсо январь, март айларында эле карызды 73 миллиардга жеткизип коюшту. Жылдын аягына чейин ички карыз дагы көбөйөт. Жаман жери – ички карыз кымбат акчалар. 10-15%га чейин проценттик ставкалары төлөнөт. Бул бюджетибизге көптөгөн оорчулукту алып келет.
Жаңы бийлик мамлекеттеги маанилүү сот, укук коргоо, башкаруу реформаларын жасап, ошол аркылуу тышкы карызды азайтуунун, экономиканы көтөрүштүн ордуна, тилекке каршы, мурдагы бийликтердей эле чет элден карыз алып, айлыкты көтөрүп, чет элден суранып, мамлекеттик кызматкерлерге, өздөрүнө жакшы шарт түзүү менен гана алек болуп калышты.
Бөлүшүү:

Жамиля Нурманбетова, "Азия Ньюс" гезити