Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаңы тариф боюнча күндүз электр энергиясы кымбат болот

Жаңы тариф боюнча күндүз электр энергиясы кымбат болот

26-октябрь, 19:21
4 198 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда электр энергияга “күн-түн” жаңы тарифин киргизүү пландалып жатканын билдирди.

Жыйында депутат Элдар Сулайманов дүйнө жүзүндө электр энергиянын күндүзгү жана түнкү тарифтери бар экенин айтып, министрдин программасында ушундай тарифтин бар-жогуна кызыкты.

“Программабызда бар. Жана айтып кетпедимби, эсептегичтерди өндүргөн кыргыз-орус биргелешкен ишкана ачылат деп. Ошол эсептегичтерге “күн-түн” деген тариф кирет. Эки жыл болобу, беш жыл болобу бул тарифке өтөбүз. Бүгүнкү күндө кээ бир санаторийлерде колдонулуп жатат. Түнкүсүн арзан, күндүз кымбат төлөшөт. Ошондуктан тамак жасоону жана кийим жууп, үтүктөгөндү түнкүсүн кылат. Биздин ишкерлерге дагы пайдалуу болот эле” дейт ал.

Ибраев Кыргызстанда электр энергияны колдонуунун жогорку чеги кечки 18:00дөн 21:00гө чейин жана эртең мененки 7:00дөн 11:00гө чейин экенин кошумчалады.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер