Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жаза бастыбы? Төбөлдөр нааразы...


Кыйчалыш ирмемден бир үзүм... Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбеков жакында эле дайындалган. Алгылыктуу иш ыргагын азырынча көрө элекпиз. Бирок, бир ыңгайсыз көрүнүшкө күбө болдук. Жума башында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Жогорку Кеңеште “тегерек үстөл” өткөрүп, ага оппозициячыл саясатчыларды, бейөкмөтчүлөрдү жана жарандык коомдун өкүлдөрүн чакырган. Бул эми упай алуу, пиар үчүн жасалган далалат да. Дал ушун жыйынга Замирбек Базарбеков орун басарлары менен жетип барганы саясый элитага жакпай калып, кыжыр келтирүү көрүнүштү жаратканын эшиттик. Жогорку соттун төрагасы кайсы бир саясатчылардын кызыкчылыгы үчүн курал болуп, көчө кыйкырыктары менен алым сабак айтышуу маанилүү эмес да. Бул жагынан белгилүү төбөлдөр да бир сыйра ачууланып алышканы жөн жерден эмес го...
"Азия Ньюс" гезити











