Генарал Суваналиев бар үчүн “Бүтүн Кыргызстан” соттон уттубу?
Аламанга аттанган партиялардын атаандаштыгы чегинен чыгып баратат. Дал ушундай шартта “Бүтүн Кыргызстан” шайлоого катышууга сот тарабынан укук алды. Булар протесттик электоратка таянышары белгилүү. Бирок, элдин шары менен шайлоочуларын акчага сатып алып кетишсе кантишет? Кылчайнашкан күрөш али алдыда окшойт...
Эң башкысы, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңешке Өмүрбек Суваналиев талапкер болгону үчүн бийлик айбыгып, мыйзамдуу талаада туура чечилгени каңкууланды. Буга чейин Адахан Мадумаров шайлоолордон утулуп келген, иш жүзүндө көчөгө эл чыгара алчу эмес. “Комиссар Каттани” турганда дух алышып, күрөшүүнүн жаңы үлгүлөрүнө чыгышты окшойт. Мындан ары “бүтүнчүлөр” вертуалдык жеңишке магдырабай, оппозициялык маанайда пикирлерин курчутуп, эл менен тереңден иштешүүгө бара алышса гана үмүт бар. А болбосо абал чатак. Учурда каршылык көрсөтө алышса гана ийгиликке жете алышат.
"Азия Ньюс" гезити