Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Сакалчандар” чектен чыга турган болсо, аларды ордуна коюшубуз керек”

“Сакалчандар” чектен чыга турган болсо, аларды ордуна коюшубуз керек”

06-ноябрь, 19:30
614 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дүйнөдө диний карама-каршылыктардын айынан согуштар, толкундоолор болуп келет. А биздин өлкөдө кандай? “Сакалчандарга” өтө эле эркиндик берилип аткан жокпу?

Меңди Мамазаирова, акын, драматург:

-- Ооба. Өсүп келе жаткан жаш муун үчүн өтө опуртал болуп турат. Жакында эле көрдүм, биринчи класста окуса керек, кенедей кызды оронтуп койгон экен. Жоолугу бир жакка кетип, этегин үзө басып, маршруткадан жыгылып атып араң түштү. Жүрөгүм ооруду. Сүрөткө тартып алайын деп, айланадагы элден тартындым. Наристенин абалы тигил болсо, чоң эле адам аны тартып атат дейби? Ал эми сакалчандарга айла жок. Илгери бапыйтып, обу жок сакал койгондорду "бит сакал" деп жеришчү. Жашына жараша, курагы келгенде эби менен койгон дурус го.

"Айылымдын аксакалдары", "Айылымдын ак элечек байбичелери” деген кандай сонун угулат жана көрүнөт. Ошого татыктуу болууга аракет кылсак сонун болмок. Заманга жараша, азыркы жашоо шартка жараша кийинип калдык да. Бирок, жапжаш туруп капкара кийинген, тили буруу адамдар көбөйдү. Алар өздөрүнүн жашоо мүнөздөрүнө жаштарды тартып, исламдын башка багытын үйрөтүп, аягы кайгы менен бүтүп атпайбы! Сирияга кетип, оңолгус ишке кириптер болгондорду көрүп атабыз. Таза исламды ажырата билүү кабыргасы ката элек, калыптанып бүтө электер үчүн кыйын да. Так ошондон пайдаланышат. Ошондуктан биздин Ала-Тообузга, төрүбүзгө, өлкөбүзгө киргендерди тыкыр текшерип, анан киргизсе жакшы болот эле. Болбосо, 5-6 жылдан кийин балдарыбыз ким болору күмөн. Бул өтө кооптуу жана мамлекет, жалпы эл биргеликте чече турган олуттуу маселе.

Артур Медетбеков, генерал:

-- Дүйнөдө динди алып жүргөндөр эки багытка бөлүнүп калды. Мусулмандар эле эмес, христиан, иудаизм, биддизм дининде дагы карама-каршылык жараткан агымдар пайда болду. Акыркы убакта ошол агымдар өздөрүнчө чоң уюм түзүшүп, динди жамынып алып, бүткүл дүйнө жүзүнө террордук акцияларды таркатканга үлгүрүштү. Ошон үчүн террордук, экстремисттик топтор менен күрөшүү кыйынчылык жарата баштады.

Бирок, билип-билбей саясатчылар менен журналисттер аларга өзгөчө боёкторду сүртүп, экстремисттик, террордук уюмдарды дүйнө жүзүнө таанытып, багыт берип койду. Бул чоң жаңылыштык. Негизи “сакалчандар” деген ойлоп табылган ат болушу керек. Дүйнө жүзүндөгү эркектердин көбү сакалчан болушат. Сакалды динге ишенгени да, ишенбегени да коёт, бирок ошонун арасынан “сакалчандар” деп террористтик, экстремисттик идеяларга сугарылгандарды айтышат. Алар менен күрөшүүдө укук коргоо органдарына коомчулук жардамга келиши керек. Ошондой эле муфтият дагы профилактикага колкабыш кылышы зарыл. Андан тышкары, ММК дагы коомчулукка булардын терс таасирин көрсөтүп, туура эмес жактарын жайылтышы абзел. Ошондо биз “сакалчан” топтордун экстремисттик идеологиясына каршы күрөшүүдө көп тоскоолдук жаратып, аларды азайтууга же минималдаштырууга шарт түзөбүз. 

“Сакалчандарга” эркиндик берилип жаткан жокпу?” деген суроо акыркы мезгилде көп айтыла баштады. Экстремисттик идеологиясына каршы күрөшүүдө кармап, уруп-сабай бергенден көп учурда пайда болбой эле, тескерисинче, ырбатып же күчөтүп алышыбыз мүмкүн. Ошондой эле баардык эле сакалчандар экстремист же террористтик уюмдардын мүчөсү эмес. Алардын арасынан билинбеген топтору бар. Тымызын маалымат алмашып, тымызын жайылтып, өтө кылдат иштешет. Андайларды кармаш да кыйын. Элге байкалбаш үчүн акыркы убакта сакалчандардын тобу пирамида түзүшүп, же болбосо бизнес структуралардын схемалары менен иштей турган ыкмаларды табышып, топ-топ болуп иштеп жатышат. Бир топ экинчисин билбейт. Экинчи топ үчүнчүсүн билбейт. Бирок, башчылары гана бири-бирин билет дегендей. Эгер сакалчандар чектен чыга турган болсо, аларды ордуна коюшубуз керекАл эми түшүнбөй аларга аралашып кеткендерге профилактикалык иштерди жүргүзүү зарыл. Каршылык көрсөтсө, алар менен аёосуз күрөшүү шарт. Себеби, мамлекеттин коопсуздугун сактап, өлкөбүздү ар кандай жаман нерселерден коргогонубуз маанилүү

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер