Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Путин турганда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү “өзүм билемдиктерге” жол берилбейт

Путин турганда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү “өзүм билемдиктерге” жол берилбейт

21-май, 09:40
1 167 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүнкү күндө 30 жыл мурда орнотулган капиталисттик системанын жыйынтыгын көрүп жатабыз. АКШ баш болгон капиталисттердин бул системасы бизден мурда Африка континентинде колдонулуп, бечара негрлер ачкачылыктан кырыла баштаган. АКШнын алдамчы саясатына туш болгон Африка өлкөлөрү бүгүнкү күнгө чейин оңоло албай келатышат. Бизде болсо Москва, Кремль, Компартияга каршы чыккан эл душмандары бийликке келишип, капиталисттердин айткандарын ашыгы менен аткарып турушкан. Бүтүндөй бир мамлекетти бир ок чыгарбай туруп чачыратып жок кылуунун кандай сырлары болгон? Болгону мамлекет башындагы бир адамдын аң-сезимин 180 градуска тескери буруп, мамлекетке, элге каршы түзүлгөн системаны орнотуп коюшкан. Мисал катары айтсак, капиталисттердин приватизация мыйзамын ашыгы менен аткарган Кыргызстан таланып-тонолуп, сатылып, уурдалып отуруп, миллиондогон кыргыз эли чачырап кетти. Кудай Теңирин тааныбай көөп кетишкен президенттердин айланасында коррупциялык жана мафиялык топтор пайда болушуп, кадимки кылмышкерлерге айланганы эл аралык деңгээлде талкууланууда. Кыргызстандагы болуп жаткан элдик революциялар капиталисттердин көзөмөлүндө болгондуктан, өздөрү орноткон “өзүн-өзү жок кылуу системасын” ар бир революциядан кийин эч өзгөрүүсүз калтырып коё алышат. Анткени Кудайын тааныбай калган кыргыздар капиталисттерге гана баш ийишет. Кыргызстанды талкалап келаткан приватизация мыйзамы жаңы Конституцияда эч өзгөрүүсүз кала бергендиктен, президент Садыр Жапаров Кыргызстандын калган-каткан мүлктөрүн жеке  менчикке чачыратып, Акаевдин жоругун кайталайбы? Мындан сырткары, Кыргызстанды сатып жок кылуу планы мурдагы премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин өкмөтүндө иштелип чыгып, “Кыргызстандын стратегиялык объектилерин тышкы башкарууга берүү” деп аталган. Стратегиялык объектилерди НАТО өлкөлөрү сатып алышса Кыргызстан үч чоң державанын (Россия–Кытай–АКШ) согуштук регионуна айланып калышы мүмкүн.

Мындай сценарий ачкөздүгүн карматкан мурдагы бийликке коркунуч жараткан эмес. Анткени президенттик бийликти бекем мыкчыган эски бийлик экинчи колу менен парламенттик бийликти мыкчып, Кыргызстанды пулдап ийүүнү көздөшкөн. Өздөрү болсо өмүр бою эңсеп жүргөн араб өлкөлөрүнө жайгашып, диний фанаттар катары Меккени айланып жүрүп бейишке чыгышмак. Бирок 3-элдик революциядан кийин таттуу кыялдары ишке ашпай калган эски бийлик жарандык согуш чыгара турган болгондо, мамлекеттин тынчтыгын көздөгөн эл өкүлдөрү Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев айласыздан алардын шартына макул болушкан. Ошол себептен эски бийлик көмүскө бийликке айланып, анын айланасындагы коррупция менен мафия, “чимкирик” парламенти менен калган- каткан кландары биригип, кыргыз мамлекетин жок болууга алып баратышат. Тактап айтканда, түрмөдө отурган мурдагы премьер-министр М.Абылгазиевдин өкмөтүндөгү “Стратегиялык объектилерди тышкы башкарууга берүү” долбоорун президент Садыр Жапаров аркылуу ишке ашырып, эски бийликти айдап чыккан жаңы бийликтен өч алууну көздөп жатышат. “Мына биз ишеничтүү инвесторбуз” деп кой терисин жамынган НАТО өлкөлөрү келишсе, керек болсо баардык объектилерин ээлеп алышат. Ошентип, жаңы бийликти чүлүктөп алган эски бийлик эски афёраларын ишке ашырып, жаңы бийликти “шерменде” кылуу аракетин көрүүдө. Бири-бирине бут тосуп, ич ара тирешип, өзү менен өзү жок болуп бараткан Кыргызстанды бир күндүн ичинде басып алчулар толтура. Бирок Россиянын куралдуу күчтөрү турганда бирөөсү да даап келе албайт. Ал жагын түшүнө албаган кыргыздар баары бирдей чурулдашып, ОДКБны күнөөлөшүп, “тажиктер согуш ачса жардам бербей койду” деп атышат. Тажикстанды толугу менен “прихваттап” алган Эмомали Рахмон жанындагы мамлекет боло албай жаткан Кыргызстанды бир күндүн ичинде басып алууну көздөгөн Гитлердин жоругун кайталап, “Рахмонстан” мамлекетин түзүп, тарыхта калгысы келсе, казак президенти Нурсултан Назарбаев Нур-Султан шаарын салып тарыхта калды го. Ал эми биздин бечара Кыргызстан 30 жылдан бери прихватизация деп атып кумдай чачырап кетсе, биротоло жок болобузбу? Бирок улуу жолбашчы В.И.Лениндин шакирти В.В.Путин Россияны башкарып турганда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү “өзүм билемдиктерге” жол бербейт. Кыргызстанга согуш ачкан Э.Рахмонду деле эсине келтирип, тыйып койду. Тажиктердин даана душманы кыргыздар эмес, Афганистандагы талибдер экенин эскертип койду. Ошол эле убакта Кыргызстанга карата кандай эскертүү болду? Далай мамлекеттерди талкалап келаткан АКШ баш болгон капиталисттердин “мышыкка – оюн, чычканга – өлүм” саясатын аткарган Кыргызстанга ким жардам берет? ОДКБнын эмес НАТОнун мүчөлөрү болгон араб өлкөлөрүбү же Түркиябы? “Мусулман өлкөлөрүндөгү түрк тилдүү элдер биригебиз” деп дөөрүй берсе боло берет, бирок айтып оозду жыйгыча баш-аягыбызды таппай калышыбыз мүмкүн. “Жардынын акылы жок болот, өлөөр жагына өзү эле бара берет” деген кыргыздын нукура сөзүн унутпасак. 

Мына, президентибиз Садыр Жапаров “чек ара маселеси толугу менен чечилмейин Борбор Азиядан чыккан “Гитлер” менен сүйлөшпөйм” дегени туура болду. Анткени, Иран генералына кол салган АКШнын агенттери ал жакта да бар. Чек ара чырын чечиш үчүн Россия, Казакстан, Өзбекстандын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүп, илгерки картанын негизинде Мургаб менен Жерге-Талды кайтарып алышыбыз керек. Россия президенти В.Путинди калыстыкка тартып саясый чечим чыгартсак, адилеттүүлүк орнотулат. Бул сүйлөшүүлөрдө экс-президент Алмазбек Атамбаев болгондо абдан чоң пайдасы тиймек. Пайдалуу адамды түрмөгө камап, пайдасынан зыяны көп адамдын көрсөтмөлөрүн аткарып туруу – даана келесоолук. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер