Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтогул Какчекеев: “Өтө оор учурда Темирлан Султанбеков өзүн туруктуу көрсөтө алды”

Токтогул Какчекеев: “Өтө оор учурда Темирлан Султанбеков өзүн туруктуу көрсөтө алды”

22-февраль, 01:30
1 475 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сиз “Социал-демократтарга мүчө болдуңуз. Эмне себептен?

-- Мен аларга мүчө болуу жөнүндө каалоомду айттым. Эки жүзгө жакын партиялардын ичинде мамлекетти көтөрүүгө, аны эл аралык деңгээлге жеткирүү боюнча иш алып барган партия бул “Социал-демократтар”. Бөлөк партиялардан Республиканы” айтсак болотСоциал-демократтардын” кылым карыткан тарыхы цивилизацияга таасирин кең көрсөттү. Демек, бул биздин мамлекетчилигибизди көтөрүүчү күчтөрдүн бири. Партияны жаш жетекчилер башкарат. Ал эми алардын көз караштары, билимдүүлүгү бөлөктөрдөн айырмаланып турат. Саясый бийик маданияты, эл аралык байланыштары, дүйнөлүк кызыкчылыктары биздин мамлекетти алдыга жылдыруучу факторлору болуп турат. Эң көңүлдү толтурган көз караштары – бөлөк партияларга көмөктөш болууга даяр экенин айтышат. Мамлекетти бирге көтөрүп кетүү жолун табууга жардамдарын аябайт. 

-- Партиянын съездине Россиядан саясый жана мамлекеттик ишмер келип катышканы да айтылды. Алардын кызыкчылыгы эмнеде?

-- Темирлан Султанбеков “Социал-демократтар” партиясынан Россиянын ЕдиноросСправедливая Россия партиялары менен иштешет. Эки өлкөнүн партиялар аралык карым-катнаштары коомчулуктун маданий байланыштарына көмөк көрсөтөт. 

-- Партиянын тизмесинде канчанчы орундасыз? Жогорку Кеңешке шайлоого катышасызбы?

-- Андай ой жок. Мен “кыргыз элине кызмат кылам” деген жаш саясатчыларга колдон келген жардамды көрсөтүүнү чечтим.

-- Сеид Атамбаевдин төрагалыкты Темирлан Султанбековго өткөрүп беришин кандай бааладыңыз?

-- Темирлан өтө оор учурда өзүн көрсөтө алды. Анын билими, жаш да болсо кайраты, айлакерлиги, эл-журтка батымдуулугу жетекчиликке алып келди. Экинчиден, эл арасында баканооздор көп. Аларга жамандаганга шарт керек. Ошондуктан, Атамбаевдер бул фактордон кетиши керек эле...

-- Бирок Атамбаевдин партияга болгон таасири кала берет да?

-- Туура, Атамбаев КСДП партиясын курган, бул тарыхый иш. Ал партянын урматтуу башчысы.

-- Жергиликтүү кеңешке жана Жогорку Кеңешке катышуудагы партиянын дараметине кандай баа бересиз?

-- Менин байкашымча, булардын элге батымдуулугу чоң. Ошон үчүн алар бир топ ийгиликке ээ болушат.

-- Сиз айтпадыңызбы, “партияны жаш жетекчилер башкарат, көз караштары бөлөк деп, а ички жалпы курамы да жаңыбы?

-- Партияда көпчүлүгү жаштар, чынында бул саясый топко акыл-эстүү жаштар келүүдө.


Мээрим Асанова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер