Менден көп жаш улуу бөлөк улуттагы күйөөмдү сүйө албай койдум

Ымыркайымдын ар бир демин тыңшап, көпкө уйкусуз жатам. Бул мен үчүн күнүмдүк адатка айланган. Азыр дагы ошондой абалдамын. Менин тээ көкүрөк тереңиндеги муңумду, кайгымды ким түшүнсүн? Секелек курагым артта калып, бой жетип келе жатканда, мен бул күндөрдү таптакыр башкача элестетчүмүн...
Мектепти аяктаган соң жактырган жогорку окуу жайлардын бирине тапшырып, бактылуу студентке айландым. Капысынан Максат менен таанышып калдым. Сыртынан түзүк жигит өңдөнгөн Максатты терең билүүгө да үлгүрбөдүм. Бир-эки ирет кезиккен соң эле мени алакачып кетти. Таш түшкөн жерде оор болуп, отуруп калдым. Мен Максаттан бала кезден кыялданган сезимдерди, сүйүүнү күтө бердим. Бирок Максат таптакыр башка адам болуп чыкты. Көкүрөгү көңдөй, аялды жөн гана күң катары көргөн, ар убак мазактап, басмырлап сүйлөгөн сөздөрү менин көңүлүмдү акырындап калтыра баштады. Бир күнү Максат мени жөнү жок жерден урушуп, аябай сабады. Бети башымдын баары көгала. Чыдамым түгөндү. Кийим-кечемди жыйнап, кызымды көтөрүп алып төркүнүмдү көздөй жөнөдүм.
Арадан жылдар өттү. Эки-үч курдай Максат кечирим сурап келди. Бирок баягы жашоону кайрадан уланткым келбеди. Биз Максат экөөбүз биротоло кол үзүштүк. Жашоомдун жаңы барагын ачкым келди. Же жарытылуу жумуш таба албай, жалгыз бизди багып чоңойткон апама оордугумду салбай алыска иштеп келүүнү туура көрдүм. Дубай шаарынан өзүмө ылайыктуу жумуш таап орноштум. Муздак, супсак жашоо, бир гана аракетим -- арбыныраак акча таап, апам менен бир туугандарыма жөнөтүү эле... Мен баласын баккан кожоюндун жакын досу бар болчу. Жубайы каза болуп калганын айтып калышчу. Кийинки күндөрү ал адам тез-тез келчү болду. Бир күнү колумду сурады. Алгач башка улуттагы менден бир топ жаш улуу бул адамга турмушка чыгуу таптакыр мүмкүн эместей туюлганы менен акырындап баш ийип бараттым. Ал адамдын материалдык жакшы ахыбалы, анан кичи пейилдиги, көзүмдү карап турганы мага жакты. Акыры аны менен турмуш жолуна аттандым...
Азыр апама, жаңыдан бой жетип келе жаткан инилерим үчүн ай сайын ойдогудай кенен каражат жөнөтүп турам. Бирок дагы деле жапжалгызмын. Менден көп жаш улуу бөлөк улуттагы күйөөмдү сүйө албай койдум. Дагы деле жандүйнөм аңгырайт. Заңгыраган үйдө ханышадай эле жашап жатсам да, кайрадан бактылуу балалык күндөрүмө кайткым келет. Кээде айылым, апакем, казан асып кобурашып жасап жаткан тамактарыбыз, бөбөктөрдүн ызы-чуусу түшүмө кирет. Ымыркайымдын ар бир демин тыңшап, көпкө уйкусуз жатам. Бул мен үчүн күнүмдүк адатка айланган. Азыр дагы ошондой абалдамын. Менин тээ көкүрөк тереңиндеги муңумду, кайгымды ким түшүнсүн?..
Айнур Абылкасым кызы
Aryba.kg