Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржан Давлетбекова: “Бир акын жеңишке жетсе, башкасы сүйүнүп турганын көрүп толкундандым”

Нуржан Давлетбекова: “Бир акын жеңишке жетсе, башкасы сүйүнүп турганын көрүп толкундандым”

14-июль, 23:28
1 436 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Төрт күн көл жээгинде акындарга шык берген, керемет сезимдерди тартуулаган жандүйнө майрамы болду. Бул салтанатты коомдук ишмер, акын Чыныбай Турсунбековдун жубайы түзгөн фонд уюштурду. Баргандардын жарпын жазган Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган поэзия фестивалы жылдан жылга кулпуруп, ажары ачылып, арышы кеңейип жатканын катышуучулар суктануу менен айтышты. Фестивалдын максатын, мындан аркы пландарын билүү үчүн Нуржан Давлетбекова менен баарлаштык.


-- Нуржан эже, жүрөктөгү дартты дарылап, Чыныбай ага жасоого үлгүрбөй калган поэзия фестивалын ишке ашырууга киришкениңизге туура беш жылдын жүзү болуптур. Чоң түйшүк, эбегейсиз даярдыкты талап кылган саамалык сизге ырахат тартуулайбы?

-- Албетте, поэзия фестивалдан алган ырахатты сөз менен айтып жеткире албасам керек. Ишенесизби, фестивалды уюштурганда жүрөгүмдө тынчтык орун алып, акылым самаган нерсесине жеткендей туюлат. Эң башкысы, бул фестиваль менен Чыныбайдын “саясаттан кеткенде адабиятка баш-отум менен киришем” деген тилегин ишке ашыргандай болобуз. Анткени, акындар менен кошо Чыныбайдын ырлары көл жээгинде жаңырып, биз ал тууралуу сүйлөшөбүз. Мындай учурда Чыныбай арабызда жүргөндөй сезимде жашап калам. Бул күндөрдү абдан күтөм… Ошон үчүн ар бир жагдайды эске алып, кылдаттык менен даярданып, программаны дагы ийне-жибине чейин иштеп чыгып, чоң жоопкерчиликте мамиле кылабыз. Эң башкысы, “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалы жаш акындарды шыктандырып, адабиятка дүбүртү катуу жаштардын кошулушуна салым кошсо, катышуучуларга эргүү тартуулап, өз ара достошуп, мамилесин бекемдеген аянтчага айланса экен (!) деген тилектемин.

-“Жылдыздуу жээк” фестивалы тууралуу жакшы сөз укканда жандүйнөңүз эргип, кандай сезимдерге бөлөнөсүз?

-- Албетте, жакшы сөз жан эргитет. Баарынан да фестивалга катышып, жакшы сөздөрүн жазгандар мага кубат берүүдө. Акын Улукбек Омокеев: «Мен бул фестивалды бир жыл бою күтөм. Досторум, калемдештерим, устаттарым, жаш таланттар менен жүз көрүшөм, баарлашам. Бизди бир аянтка “Жылдыздуу жээк” фестивалы чогултат. Бул фестиваль чыгармачылык гана эмес, социалдык дагы чоң долбоор. Ириде үй-бүлөнү даңктап, аялзатынын кадырын арттырып, жаштардын ынтымагын бекемдейт. Ысык-Көл жээгинде өтүп жаткан поэзия фестивалы башка иш-чаралар үчүн үлгү, маяк болуп калды” деп жазганы көңүлүмдү көккө көтөрдү. Анткени, бул күндү күткөндөрдөн жалгыз эмес экениме кубандым. Чынында эле фестивалдын жылдан-жылга ажары ачылып баратат. Поэзия кечеси жаштарга дем берген үчүнбү, айтор, катышуучулар турган жерден эле эки жыл мурун “сармерден уюштуруп, көрүүчүлөрдүн жарпын жазалы” деп ыр майрам тартуулап салышкан. Азыр болсо кыз-жигиттер сармердендин көркүнө чыгарышууда. Манастан баштап, ыр жаңырып, төкмө акындарды айтыштырышат. Жаңылмач, табышмак тартууланып, ырдап, бийлеп көрүүчүлөрдү эстетикалык ырахатка бөлөшөт. Баары чын дилден аткарышканы үчүн көрүүчүлөрдүн кызыгуулары күч. Биз дагы сармердендин көркүнө чыгарган жаштарга кызыктыруучу сыйлыктарды берип, аларга стимул жаратканга аракет кылабыз. 

-- Бул кечеде атаандаштык күчтүү болобу же тилектештикпи?

-- Акыркы мезгилде атаандаштыктан дагы тилектештиктин күчтүүлүгүн көбүрөөк байкап баратам. Фестивалды жаш акындардын чыгармачылыгын колдоо максатында уюштурганыбыз менен иш жүзүндө чыгармачыл жаштардын ынтымагын бекемдеген, тилектештик аянтчасына айланганына күбө болуудабыз. Менин кубанганым, сыймыктанганым “Жылдыздуу жээк” фестивалынын катышуучулары жети дубандан келишип, бири-бири менен жакындан таанышып, чыгармачылыктагы достор, курбулар болуп жатышат. Мындагы сынактарда атаандаштык эмес, тилектештик күчтүү, бири-бирин сүрөп, колдоп турганы жүрөк жылытат. Бир акын жеңишке жетсе, башкасы сүйүнүп турганын көргөндө кубанабыз. “Жок эле дегенде ынтымакты бекемдөөгө салым кошуп жатыппыз деп толкундандым. 

-- Поэзия фестивалына катышкан акындардын мыктылыгы кандай жол менен тандалат?

-- Поэзия конкурсунда акындардын аты комиссия мүчөлөрүнө айтылбайт. Номер менен ырлары гана берилет. Ар бир комиссия мүчөсү койгон баа менен эсептелип, ким финалга чыкканын эң соңунда тандашат. Биринчи этапта ырлары бааланса, экинчи этапта акындар өздөрүн сахнада алып жүрүү, ырды көркөм окуу боюнча жюрилердин сынынан өтмөкчү. Ошондуктан биринчи этаптагы баллдар менен экинчи этаптагы баллдардын саны кескин түрдө айырмаланган учурлар болот.

-Быйыл канча акын катышты?

-- 85 акын ырын берди. Анын ичинен бешөө гана финалга чыкты. Жалындуу ырларды окуган, дүбүртү катуу жаштарды көргөндө сүйүндүм. Поэзиянын купуя сырларына каныккан, поэтикалуу ырлары окурманды ойго салган, көркөм табылгалардын ээлери байгелүү орундарды жана гранприни багындырды. Калыстардын чечими менен баш байге ээси Бегайым Нурлан кызы 100 миң сом, 1-орунга татыктуу болгон Гүлүмкан Исаева диплом, 40 миң сом, 2-орунга татыган Эркинбек кызы Мээрим, 30 миң сом, 3-орунду багындырган Бектемир Асылбеков диплом, 20 миң сом, 4-орунга чыккан Мирлан Аскаров диплом, 20 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ошондой эле Чыныбай Турсунбековдун “Кызыл короз” ырын эң мыкты көркөм окугандыгы үчүн 1-орунга Айтунук Бучуковага диплом, 20 миң сом, 2-орунга татыктуу делген эки конкурсантка диплом жана 13 миң сомдон, 3-орунга чыгышкан 3 конкурсантка диплом, 10 миң сомдон сыйлыктар берилди.

-Агай көзү тирүү кезинде эле ушундай фестиваль уюштурууну максат кылчу беле?

-- Ооба. “Марал” радиосунда Чыныбай Акунович менен Садык Шерияз маектешип калды. Ошондо Садык Шерияз: “Агай, акындар үчүн бир нерсе жасадыңызбы?” деген суроо берди. “Мен экономикабыз көтөрүлсө, акындардын да зоболосу бийиктейт, алардын да жашоосу оңолот деп ойлоптурмун, бирок андай эмес экен. Жаш акындарга көңүл бурушум керек, өкүнүп жүрөм... деп жооп берди. Ошол сөздөн улам идея келип, ушул фестивалдын алгачкы кадамдары жасалган. Чыныбай өзү башында туруп өткөрмөк, анда мындан да башкача деңгээлге чыкмак...

-- Казакстан, Өзбекстан, Түркиядан келген коноктор фестивалга суктанышып, “биздин да жаш акындар катышса” деген ниеттерин билдиришти. Алардын катышууга жол-жобосу кандай?

-- Казакстандан, Өзбекстандан, Түркиядан келген конокторубуз да Чыныбайдын чыгармачылыгын колдошуп, даңазалоого, жайылтууга ниеттерин билдиришип, ырларын түрк, өзбек тилдерине которушуп, китебин жарыкка чыгарышып, бет ачарына чакырышты. Ошондой эле алардын жаш акындары да бул фестивалга катышууга ынтызар экенин билдиришти. Бирок, биздин фестивалдын шарты сынакка катышкан чыгармалар, ырлар же эсселер кыргыз тилинде гана болууга тийиш. Боордошторубуздун мындай сунуштары бизди кубантканы менен жобого жалаң кыргыз тилинде деп жазылып калган. Ошон үчүн алардын акындары конок катары катышып, биздин чыгармачыл инсандар менен адабий, маданий алакаларды бекемдей берсе болот деген ойдомун.

-- “Акун” пансионатында “Акындардын сейил багы” ачылып, фестивалдын лауреаттарына арналган бактар тигилди. Бул идея кандайча жаралды

-- Бир күнү отуруп эле ушул ой пайда болду, командама сунуштадым. “Акун” пансионатында иштеген кыз-жигиттер эки айдын ичинде эле акындарга арналган сейил бакты даярдашты. 

Буга чейинки фестивалдарда акындар чогулуп алып, комнаталарында отуруп ырдап, ыр окугандарын угуп калчумун. Ошондо баары чогуу отуруп, ыр окуй турган жер болсо деп ойлоп койгом. Кыялданып жүрүп, ушул акындарга арналган сейил багыбыз ачылды. Азыр ортого отту жагып, акындарга арналып тигилген бактардын жанында ырдап бийлеп, жалындуу ырларды окуй турган аянтча курулду. «Акун» пансионатында ачылган «Акындар сейил багы» жаш акындардын сыры, ыры төгүлгөн, чыгармачылык эргүү тартуулаган ажайып жайга айланса экен (!) деген ниеттемин.

-- Китеп чыгаруу планыңызда барбы?..

-- Быйыл 15-октябрда Чыныбай 65 жашка чыкмак. Ошого карата буга чейинки катышкан акындардын ырларын топтоп, “Жылдыздуу жээк” аттуу китеп чыгарууну максат кылып жатабыз.



Үмүт КУЛТАЕВА, адабиятчы: “Кадырлуу акындар, кыргыз поэзиясына саябан бак тиккиле!”


-- Үмүт эже, калыстардын катарында болдуңуз. Фестиваль максатына жетип, татыктуулар тандалдыбы?

-Албетте, максатына жетти. Чыныбай Турсунбековдун V мааракелик поэзия фестивалы быйыл эл аралык деңгээлде өтүп, жаш акындарды аренага алып чыкканы менен өзгөчө мааниге ээ болду. Казакстан, Өзбекстан, Түркиядан келген акындар, өнөрпоздор кыргыз жерине суктанышып, түрк элдердин биримдигин жар салышты.

Конкурска катышуу ниетин билдирген 85 кыргыз акындарынын ичинен 5 акын финалга чыкты. Номер менен аты-жөнү белгисиз, курактары 22-28 жаштарда экен. Ысымы белгисиз 850 ырды камтыган тексттерди карап жатып, эмнегедир “Сенин ысымың жүрөгүмдүн келмеси” деген сап эсимен кетпей, анын автору эр адам экенин байкасам да, жаш курагына кызыктым. Ал 4-курстун студенти Бектемир болуп чыкты. 

Ал эми: 

Качандыр бир кеменгер келет мага,

Кирпигимдин учун да кирдетпеген.

Көңүлүмдү мындай кой көкөлөтүп,

Көлөкөмдү төмөнгө түшүрбөгөн.

...Адамдыктын милдетин сезип, мени, 

Аялдыктын тагынан кулатпаган, - деген ак тилектүү саптардын ээси 22 жаштагы Мээрим экен.

Поэзиянын купуя сырларына каныккан поэтикалуу ырлары окурманды ойго салган:

...апам эле ичинде бук жыйналуу,

Көйнөгү тар, көөдөнү ыйык, жаны ыйык,

Атам өпкөн наристе жүз кыйла жыл

атаны өппөй калганына таарынып, 

жамалына жаткан жашы агылып, - сыяктуу көркөм табылгаларга бай автор 28 жаштагы эки баланын энеси Бегайым экен. Бизди поэзиянын сыйкыр дүйнөсүнө жетелеген Бегайым баш байгеге бир добуштан тандалды.

Дагы бир баалуулук – жаш авторлордун ырлары үй-бүлөлүк институтту бекемдөө мүмкүндүгүнө ээ саптары менен коомдук аң-сезимди күүгө келтире алгандыгында:

Ачуу айтпа...

же сен менин табытыма баш уруп,

же мен сенин табытыңда ыйлаймын.

Катуу айтпа,

...же мен сенин күмбөзүңө баш уруп,

же сен менин күмбөзүмдө ыйлайсың.

Көгүлтүр көл толкунунун шоокумунда өткөн Жылдыздуу жээк фестивалынын программасы катышуучуларды эстетикалык ыракатка бөлөдү. Дагы бир жакшы жөрөлгө “Акындар сейил багы” түптөлүп, ага лауреаттардын дарагы отургузулуптур. Дарагыңар куурабасын, кадырлуу акындар! Кыргыз поэзиясына саябан бак тиккиле.


Галым КАЛЫЙБЕКУЛЫ, казак акыны: “Кыргыздарда биз үйрөнө турган көп нерселер бар экен

-- Кыргыз боордоштордогу ыр майрам, Чыныбай Турсунбеков фестивалы бизге абдан жакты. Ал мыкты акын, азамат уул, казакча айтканда, «Сегиз кырлуу, бир сырдуу», колунан баары келген, саясатта, бизнесте жана адабиятта да өз ордун тапкан инсан болгону суктандырды. Аз жашаса дагы саз жашаптыр. Өзү гүлдөткөн жерде жаш акындар ийгиликке жетип, өнөр даңазаланууда. 

Көрүүчүлөрдү суктандырган “Сармерден” дагы абдан жакты. Кыргыздарда биз үйрөнө турган көп нерселер бар экен. Өнөрдүн, айтыштын, поэзиянын жарышы, жандүйнөлөрдүн керемет майрамы болду. Чыныбайдын руху жаш акындарды колдой берсин. Иш-чара жаштарга, урпактарга үлгү. Бул фестиваль дүйнө жүзүндөгү улуттардын башын бириктирген поэзия аянтчасына айлансын!


Нураалы КОБУЛ, өзбек акыны: “Акындын ырларын өзбекчеге которуп, китеп кылып чыгарабыз”

-- Чыныбай Турсунбеков менен 1991-жылы Түркиядагы курултайдан таанышкам. Орустар айткандай, “человек с большой буквы” деген адам эле. Анын жасаган мамилеси, өзүн алып жүргөнү, адамгерчилиги урматтоого татыктуу болчу. Тилекке каршы, өмүрү ченелүү экен. Бирок, экинчи өмүрүн улантып, жубайы, уул-кыздары адабий иш-чара кылып жатышканы мактоого арзыйт. 

Биз Чыныбай Турсунбековдун ырларын өзбекчеге которуп жатабыз. Буюрса, китептин бет ачарына чакырабыз. 


Шарапат ИБРАЕВА, мугалим: «Чыныбай мугалимди энесиндей кадырлаган адам эле»

-- Мен Чыныбайга 5-классынан баштап сабак бердим. Ошондо эле дүйнө таанымы кенен, энергиясы ашып-ташкан, баардык сабактарды жакшы окуганы менен башкалардан өзгөчөлөнүп турчу. 5-классында 7-класстардын эсебин чыгарып койчу. Эгер Чыныбай акын, бизнесмен болбосо, чоң математик катары таанылмак.

Чыныбай кандай тармакка киришсе да ийгилик жараткан өжөр адам эле. Ал 28 жашында илимдин кандидаты болду. Бизнестин да тилин тапты. Экинчи өмүрүн улай турган керемет саптарды жаратып, мыкты акын катары таанылды. Саясатта дагы өз ордун тапты. Кыскасы, табиятынан аракетчил, кандай тармак болбосун жөндөп кеткен адам эле. 

Чыныбай “ыр жазып калганыма сиз себепкер болгонсуз” деп айтып калчу. Кандай тапшырма бербе, баарын ашыгы менен аткарчу. Бул темада ыр керек десем, аны да жазып, иш-чаранын ажарын ачкан керемет саптарды жаратчу. Мен болсо окуучулук куракта эле укмуштуудай куюлушкан саптарды жаратканына таңкалчумун. 

1997-жылы “Жүрөктөгү жаңырык” аттуу китебине мага арнап жазган ырын чыгарыптыр:

Бир карасаң билинбеген бир адам,

Миң баланын мүнөзүнө чыдаган.

Миң баланын арасынан мен дагы,

Сизден билим алганыма кубанам.

Мен өзүмдүн балдарыма,

Сиздей болгон эже бер деп суранам.

Бул саптар мага арналганына аябай кубанып, сыймыктангам. Чыныбай мугалимди энесиндей кадырлаган адам эле. Ийгилигин айтып, белегин берип турчу. Өмүрү гана кыска экен. Болбосо элине карамдуу, жетим-жесирлерден кабар алып турган азамат эле. 

Чынайым Кутманалиева 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер