Жалгыздыктан жапа чеккен тагдырлар же ажырашкандар
Ажырашкан күйөөсү менен аялы капысынан автобуста кездешип калышты. Күйөөсү киргенде аял жайгашып отурган. Көрбөгөнсүп коюунун ирети келбеди, анүстүнө булар бала эмес го, чоң адамдар. Ары ажырашууга экөө тең макул болгон. Бири-бирине сынай, керек болсо күлүмсүрөй карашты. Деген менен эки жыл бирге турушту да.
Күйөөсү аялынын кулпура түшкөнүн байкады. Жылдар из калтырса да аял адаттагыдай чыкыйып кийинген. Аял күйөөсүнүн чачы сейректене түшкөнүн байкады, төбөсү көрүнө баштаптыр. Өңү анча өзгөрбөгөн. Бирок мурункусуна караганда салмак кошкондой.
Күйөөсү аялына “кандайсың?” деди. Ал “жакшы” деп жооп катты. “Жалгызсыңбы? Же бирөөң барбы?” деп сурай салды жигит. “Үч жыл мурун прокурорго турмушка чыктым. Жакшы жигит. Токтоо. Жумушу башынан ашат. Өзүм үйдө отурам. Батирди кароо да жумуш, тамак жасаш керек. Мурунку бир бөлмөлүү батирди сатып, анын ордуна дача алганбыз, жазында дем алуу үчүн” деди аял. Деди да, күйөөсүнө жылмая карады, “эми кезек сеники” дегендей. Ал да үйлөнүптүр. Жубайы азык-түлүк дүкөнүндө директор экен. Үйдө тамак көп. Азыр дүкөндүн эшиги кандай ачыларын да унутуп калганын айта кетти. Жубайы катаалырак, бирок жаны назик, мээримдүү экенин кошо салды. Жумушунда катуу чарчайт. Дайыма бир текшерүүдөн соң экинчиси болуп турат. Нерви жукарат да жүрөт. Дача алышпаптыр. Ошол себептүү жайында дем алууга кетет экен. Бир жылы бир өлкөгө, кийинки жылы башка жактарга...
Ушундан кийин үнсүздүк орноду. Ажырашкан аялы бир маалда “сенин апаң жакшы адам” деди. Ден соолугун сурады эле, “апам эки жыл мурун кайтыш болгон” дегенди укту. Экөө тең күрсүндү. Аңгемелери уланбады. Көңүлсүздүк орноду.
“Прокурорду жолуктурганча не кылдың?” деп сурады жигит. “Ажырашканыбызга өкүнбөдүңбү?” Аял үндөбөй башын чайкады. Такыр өкүнбөгөнүн айтты. “Бирок алгачкы кезде кыйын болду” деп моюндады. “Сенчи?” деди. Ал да башын чайкады. Бирок калп айта албады. Катуу кыйналганын моюндады. Бирок дүкөндүн директору көңүлүн тааптыр. “Азыр жакшы үй-бүлөбүз. Балабыз жок...” деди. Өтө кеч болуп кетиптир.
Аял түшүнгөндөй башын ийкеди. Автобус аялдамага токтоду. Экөө тең түштү. Бир-бирине карашты. Баштарын ийкеп, эки жакка бөлүнүштү. Күйөөсү бөлмөсүнө жетти. Үйдө адам көп. Эч ким менен сүйлөшкүсү келбеди. Жалгыздык – кайгысын жеңүүгө көмөктөшөт.
Ошол кезде, ажырашкандан кийин жүрөгү катуу жараланган. Жаны катуу ооруду. Ичип кетти. Карызга батты. Өлүп кала жаздады. Апасы чыдабай кайтыш болду. Анын батирин сатып, карызынан кутулду. Өзү эми коммунальный бир бөлмөдө күн көрүп жүрөт. Өзүнө жетет. Башка аялга көз салбады. Жүрөгүн бир гана аял мекендептир. Анан “неге жалган айттым?” деп ойлонду.
Аялы да өз батирине жетти. Алдынан мышыгы тосуп алды. Аты – “Прокурор”. Түрү өтө келишимдүү болгон соң, ошентип атап алган. Ал да “эмне үчүн жалган айттым?” деп ойлонду. Биздин болмушубузда нукуралыкты өлтүрө турган, калп менен жалганды насыяттаган бир балээ бар. Ошондон ашып кете албайбыз. Беткап кийип алабыз да, калпты чындай согобуз. Бир аз ыңгайсыз болду. “Прокурор”, дача – ушундай осол кылык. Уят.
Аялы бир бөлмөлүү батирде, күйөөсү өз бөлмөсүндө. Мына, жалгыздыктан жапа чеккен тагдырлар. Аялга жеңилирээк, “Прокурору” бар. А күйөөсүнө кыйын – эч кимиси, эч нерсеси жок. Айласыз. Кабатталган калптар өткөндүн каталыгын түзөөгө мүмкүндүк бербей атканы өкүндүрөт...
Белгисиз автор
"Азия Ньюс" гезити