Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтогул Какчекеев: “Биздеги “билим экспорттоп жатабыз” деген абал уятсыздык!”

Токтогул Какчекеев: “Биздеги “билим экспорттоп жатабыз” деген абал уятсыздык!”

27-май, 09:00
437 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акыркы мезгилде бийликке каршы сүйлөгөндүн баары камалып, “кустуруу” процессинен кийин көптөр чээнге кирип кетишти. Мындай кысымдарга байкоо салып аткандырсыз... 

-- Азыркы убакытта көзгө көрүнөөр эч кандай оппозиция жок. “Оппозициядабыз” дегендер мурун акчанын көптүгүнөн кутурчу, бүгүн “кустуруу программасынан” кийин оппозиция сымал кыймылдар гербецид сепкендей түп-тамыры менен жоголду.

-- Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин “Ататүрк” паркына салынган үйлөрдү сүрдүрүү аракетин кандай дейсиз?

-- Айбек Жунушалиевдин “Ататүрк” паркынын зонасына салынган күркүлдөрдүн имаратын буздурам” деген чечими мыйзам чегинде. Анткени, үй салгандар мыйзамга карабай туруп, паркка үй курууга болбосун билип туруп, үй салып алышкан. Демек, мэр шаардын ээси катары бул татаал ишке барганы туура.

-Баса, пакистандык студенттердин сабалышы, бийликке жагымсыз жагдай жаратыш үчүн атайын жасалган ишпи же кокустукпу? 

-Менимче, пакистандыктарды тымызын кодулап, аларды сабоонун баары бийликтин каруусун сынаш үчүн жасалган иш деп ойлойм. Ошон үчүн бул кокустук деле эмес го...

-Эми ошол окуя билим экспорттогонубузга залакасын тийгизбейби? 

-Билимди мамлекеттик окуу жайлар экспорттош керек. Бул көрүнүш билим базарында байлыкка зар болгондор билим эмес, диплом тараткандай болуп жатат. Жогорку медициналык кесиптер барктуу болгондуктан, билим базарында ушул тармактагы бизнестер күчөгөн. Ошон үчүн билим экспортойбуз деген бекер сөз. Андай болсо АКШ же Евробиримдиктен келип окуйт эле го. Чынында биздеги билим экспорттоп жатабыз деген абал уятсыздык


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер