Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтогул Какчекеев: “Атамбаевдин кордолуп, түрмөдө жатканы бийликке аброй алып келбейт”

Токтогул Какчекеев: “Атамбаевдин кордолуп, түрмөдө жатканы бийликке аброй алып келбейт”

10-апрель, 22:11
4 059 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бүгүнкү күндө коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуулугу кандай болууда? 

-- Бизде коррупция менен күрөшүүдө тажрыйба, мыйзам бар. Бирок, ага карабай жалаң ушул коррупциянын айынан мамлекетти талкалоого жол ачылып келген. Мамлекеттик кызматкерлердин баары эле коррупциянын арты менен жашап келгени көрүнүп атат. Жаңы келген бийликтин шарапаты менен айрымдар камалып, жегенинин бир бөлүгүн кайтарып атса, өз ыктыяры менен бергендер да болуп атат. Бирок, жалпылай алсак, коррупция менен күрөштө илең-салаңдык байкалат. Кылдат, мыйзам чегинде иш жүргөн жок. Ушунун айынан ар кайсы жактан акча өндүрүү сыяктуу көрүнүштөр болууда. 

-- Атамбаевдин азыркы кезге чейин камалып жатышынын себеби эмнеде дейсиз?

-- Атамбаевдин кордолуп, ушу күнгө чейин түрмөдө кармалганы – бул бийликке аброй алып келген жок. Анткени, ал атайын уюшулган ишараттын негизинде камалды. Буга далил катары Кой-Таштагы мыйзамсыз операцияны айта алабыз. Негизи жаңы бийлик анын бейкүнөө камалганын эске алып, түрмөдөн чыгарып койсо болот эле. Эгер биз ушинтип өз ичибизден ыдырай берсек, ишибиз оңунан деле чыкпайт да. Кечиримдүү болуш керек.

-- Негизи эле экс-президенттердин баарынын эле тагдыры татаал болду. Бир гана Сооронбай Жээнбеков элге аралашып, экс-президент макамын татыктуу алып жүрөт (Отунбаеваны эске албаганда). Анын артыкчылыгы эмнеде?

-- Ооба, азыр Жээнбеков экс макамын колдонуп, чардап турган маалы. Анын минтип бааланып жатышына бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп бергени себеп болууда.

-- Тышкы саясаттын жүрүшүнө кандай баа берет элеңиз?

-- Тышкы саясатта кетирилип жаткан каталардын эң башкы себеби – кадрлардын туура эмес тандалуусу. Бизде кесипкөйлөр эмес, жалаң эле тааныш-туунуштар иш алып барышат. Ошол эле чек араны Ташиев эмес, өкмөт, парламент, тышкы иштер министрлиги жалпылап караш керек эле. Ташиев мыкты жигит, жакшы адам болушу мүмкүн, бирок, ал чек араны чечүүчү кадр эмес. Тышкы саясатты туура жөнгө салабыз десек, кадр маселесине өтө терең маани берүү керек. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер