Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстан “Мегаком” боюнча эл аралык арбитраждык сотто биротоло утту

Кыргызстан “Мегаком” боюнча эл аралык арбитраждык сотто биротоло утту

16-ноябрь, 18:19
1 469 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан 300 миллион доллардан ашык суммадагы “Мегаком” уюк операторуна байланыштуу ишти Лондон шаарында эл аралык арбитраждык сотто биротоло утту. Бул тууралуу юстиция министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Penwell Business Limited компаниясы 2017-жылдын июль айында Кыргызстанды эл аралык арбитраждык сотко берип, өлкө “БиМоКом” (“Мегаком”) компаниясынын инвестицияларын ээлеп алган деп даттанган. 298 миллион доллар өндүрүүнү талап кылып келген.

Быйыл, 8-октябрда арбитраждык сот аны четке каккан. 5-ноябрда чечимди жокко чыгаруу үчүн Лондондун Жогорку сотуна өтүнүч берүүнүн мөөнөтү аяктады. Бул жагдай кыргыз тарап дээрлик 300 миллион доллар талашты биротоло утту дегенди билдирет.

Министрлик 2005-жылы “БиМоКом” (“Мегаком”) ишканасынын акцияларын сатууда коррупциялык иштер болгонун маалымдады.

“Мегаком” уюк байланыш түйүнү 2006-жылдын 28-апрелинде коммерциялык түрдө ишке кирген. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң убактылуу өкмөт бул компаниянын 49% улутташтырган. 2014-жылы ишкана толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер