Бир үй-бүлө иске ууланып, чоң эне каза болду


Жалал-Абад облусуна караштуу, Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу Мукур айылынын 4 тургуну иске ууланып, бири каза болду.
Окуя 9-декабрь түнү болгон. Ууланган үй-бүлө түнкүсүн мешке көмүр салып укташкан. Эртең менен турушкан эмес. Бишкектеги балдары ата-энесине телефон чалып, байланыша албай коюшкан. Кийин айылдаштарына чалып, үйүнөн барып кабар алууну суранышкан. 10-декабрь күнү кошунасы "үйдө эч ким жок экен, бир жака кетсе керек" деп жооп берген. Балдары бир аз убакыт өткөндөн кийин кечинде дагы башка кошунасына чалып, "үйгө кирип карагылачы" деп суранган. Ал барып караганда үйдө эки небереси менен чоң атасы бир үйдө жаткан. Чоң энеси жаткан жеринде каза болгонун көргөн.
Айылдаштары эки небереси менен чоң атасын райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Ал эми 1954-жылы төрөлгөн М.С. аттуу аял каза болуп калган. Ал эми эки небересинин бири 5-класста окуса, экинчиси 4 жашта.
Aryba.kg