Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Интернетке Садыр Жапаровдун үнү коштолгон көралбастык тууралуу видео тарады

Интернетке Садыр Жапаровдун үнү коштолгон көралбастык тууралуу видео тарады

24-август, 12:04
2 035 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаровдун үнү коштолгон видео социалдык тармактарга жарыяланды. Анда көралбастык тууралуу айтылат.

Оо, Жараткан! Эми мен иштейин десем, иштегенге мүмкүнчүлүк бербей, жалган жалаа, ушак-айың менен уулаган ичи тар, көралбастык деген илдеттен арыла албаган карасанатайларга жем кылбай эрк бер! Адамда эрк болбосо, дем болбосо, калганы арзыбаган кеп да. Адам баласында эң аруу тилек – бул ишеним. Кандай болгон күндө да ишеничти актоо, ишеничти сактоо ыйык парз. Биз ишеничтен уланабыз, ишеничтен куралабыз. Демек, Атажурт алдындагы мойнубузга артылган оор жүк – мекенди көздүн карегиндей сактап, болочок муунга жүзүбүз жарык, пейилибиз ак бойдон баруу улуу милдет. Атажуртум, сан миң жылды карыткан улуу Кыргыз өлкөм, кандай күн болгондо да сенин ишеничиң өмүрдөн да кымбат турарын дагы бир ирет баса белгилеп айткым келет деп айтылат.

Социалдык тармактарда бул видеого карата “кезек Садыр Жапаровдо...” деп комментарий жазылууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер