Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Исаев, ЖК депутаты: “Коомчулукта өкмөттөн чарчагандык, ага карата нааразылык да бар”

Канат Исаев, ЖК депутаты: “Коомчулукта өкмөттөн чарчагандык, ага карата нааразылык да бар”

07-февраль, 22:37
631 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өкмөттүн ишмердигине кандай баа бересиз?

-- Эркин Асрандиев ЕАЭБ маселелерине кураторлук кылат экен, ошондуктан, мен өкмөт башчысынан жаңы орун басарына буга чейин пайда болгон маселелерди чечүүнү тапшырууну сурандым. Эки жылда Армения ички союздук сооданы 52 пайызга көбөйттү, а биз болсо араң эле 8,6 пайызга өстүрө алдык. Бул  министрлер кабинети интеграциялык биримдиктин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай жаткандыгын туюндурат. Демек, макулдашып, барып, өнөктөштөр менен  тил табышыш керек. Ушул нерсе жасалбай жатат. 

Ал эми жалпы элдин маанайына келсек, коомчулукта өкмөттөн чарчагандык да, ага нааразылык да бар экендигин моюнга алуубуз керек. Анын ичинде ЕАЭБ менен иштешүүгө байланыштуу да нааразылык бар. Бирок, азыр өкмөттүн отставкасы тууралуу сөз кылган эрте. Парламенттик шайлоого чейин аз эле убакыт калды. Анан калса, министрлердин көбү алмашты. Андан көрө, өздөрүнүн милдеттерин аткаруунун сапатын жогорулатышсын. 


24.kg

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер