Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мурат Суюнбаев: “Оппозиция хайп менен жогорку рейтингге чыгуусу өтө кыйын”

Мурат Суюнбаев: “Оппозиция хайп менен жогорку рейтингге чыгуусу өтө кыйын”

21-август, 19:31
916 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шайлоо процесси жакындаган сайын, мурда түптөлгөн партиялар менен жаңы келгендердин айланасы кызыйт. Баардыгы интригага толгондуктан, эч ким алдын ала прогноз жасагысы келбейт. Мисалы, ошол эле партиялык катарды алсак, “бир партиянын тизмесинде” делген талапкерлер, таптакыр башка саясый топтун курамында болуп калган болот. Мунун баары ар түрдүү штаттан тышкаркы кырдаал боюнча ушак-айыңдарды күчөтөт. Саясый айдыңдагы абалды түшүнүү үчүн биз саясат таануучу Мурат Сүйүнбаев менен маектештик. 

                                                                 

-- Саламатсызбы Мурат! Боло турган шайлоо боюнча сиздин пикириңизди билели дегенбиз. Белгилүү болгондой, 44 партия Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу ниетин билдирген. Бирок, тандоо жакындаган сайын алардын катары азайып, бүгүнкү күнгө 28 партия калды. Мындан ары да өзгөрүүлөр болобу, сизде кандай божомолдор бар?

-- Азыр алдын ала божомол айтуу туура эмес болуп калат, анткени, кырдаал күн сайын өзгөрүүдө. Бирок, азыртадан эле кайсы партиялар аянтта каларын ачык көрүүгө болот. “Шайлоого биринчи ирет катышабыз” деп турган “Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик” өздөрүнүн күчтүү позицияларын көрсөтүп жатышат. Партиялар жаңы болгонуна карабай, өздөрүнүн программасы жана талапкерлердин курамы менен көңүл бурдурууда. “Ата Мекен” менен “Кыргызстан” тажрыйбалуу саясый топ катары өздөрүн жаштарга жол бошотуп берген лидер катары көрсөткүлөрү келип жатышат. “Бир Бол”, “Бүтүн Кыргызстан” жана СДП оппозиция экенин жарыялады. Бүгүнкү күнгө ушул гана партиялар өздөрүн ишенимдүү тааныштыра алды. 

-- Интернетте Айбек Осмоновдун “Мекеним Кыргызстан” менин партиям болчу, аны тартып алышты” деген билдирүүсү тарады. Бул боюнча эмне айта аласыз?

-- Балким, Айбек Осмонов партиянын лидери Мирлан Бакиров болуп калганына таарынып калган окшойт. Бул кичинекей баланын нааразычылыгына окшош, “партиямды алып коюшту” деген сөз Осмоновдун саясый жактан жетиле электигин, дагы деле “жаш максималистик” ойлорго жетеленип жүргөнүн көрсөтүп турат. Тажрыйбалуу саясатчынын тактикалык сапаттарынын бири – компромисске баруу болуп эсептелет. Ошондой эле башкаруу органдарын алмаштырууда, партия менен жеке ишкананын айырмасын эске алуу абзел. Мындан тышкары, “Мекеним Кыргызстандын” тизмеси менен Айбек Осмоновдун Бишкек шаардык кеңешиндеги “Мекеним Кыргызстандын” лидери болгон бир тууган иниси Жанарбек Алымов, ошондой эле «Мекеним Кыргызстан» фракциясынын Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары, таякеси Бакытбек Каналиев да шайлоого катышкан жатат. Андыктан, бул жагдайды коомчулуктун көңүлүн бурбай, үй-бүлөнүн ичинде чечүү туура болот.

-- Парламентте ар дайым оппозициялык блоктордун болуусу табигый нерсеби? Сиздин оюңузча, өзүн оппозиция катары жарыялаган партиялар, парламентте потенциалын көрсөтө алабы?

-- Адегенде алар парламентке келеби? Кепти ушундан башташыбыз керек. Бул биринчи. Экинчиден, өзүн оппозиция катары жарыялоодон мурун, эмнеге каршы туруу керектигин түшүнүү зарыл. Үчүнчүдөн, оппозиция ар дайым альтернативдик жолдорду сунуштоосу зарыл. Мына, “Биримдик” партиясынын идеологиясы евразиялык жана демократиялык социализмдин өнүгүшүнө негизделгени жарыялады. Бул мамлекет үчүн маанилүүбү? Маанилүү. “Мекеним Кыргызстан” партиясы депутаттык корпустун санын кыскартуу зарылчылыгын белгиледи. Бул актуалдуубу? Актуалдуу. Ар бир программа экономиканы өнүктүрүүгө жана социалдык багыттагы мамлекетти курууга негизделет. Мындан улам, партиялар  өз программаларын ишке ашырууга далалат кылышат, анткени, жарандар убадалардын аткарылышын көзөмөлдөөгө чечкиндүү карашат. Бизди алдыда президенттик жана жергиликтүү бийликтердин шайлоосу да күтүүдө. Ошондуктан ар бир партия натыйжалуу иштөөгө көңүл бурат. Андыктан, оппозиция хайп кармаганга шылтоо таап, жогорку рейтингде кармалып туруу өтө кыйын болот. 


Vb.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер