Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бектур Асанов: “Элибиз качанкыга чейин митинг, тополоңдун артынан чуркап жүрмөк эле?”

Бектур Асанов: “Элибиз качанкыга чейин митинг, тополоңдун артынан чуркап жүрмөк эле?”

10-сентябрь, 12:52
1 524 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бектур мырза, күздөгү парламенттик шайлоого оппозициялык маанайда топтор биригип, бир күчкө айланып шайлоого барабы?

-- Күздөгү парламенттик шайлоодо оппозициялык маанайдагы топтор азырынча сүйлөшүү процессин жүргүзүп баштады. Менин оюмча, эки-үч оппозициялык блок жана бир-эки партия шайлоого барат. Алсак, “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан” өз алдынча, калгандары бир топко биригип барышат. Дагы да көп сүйлөшүүлөр болот. Менимче, сентябрь айынын аяк ченинде коомчулукка баары белгилүү болору шек жаратпайт. 

-- Бир мандаттуу шайлоодо ал ортодо чыр чыгып кетүү коркунучу жокпу?

-- Бир мандаттуу шайлоодо чыр чыгып кетүү коркунучу бар. Бийлик адилеттүү шайлоо өткөзүүгө батынса, баардыгы акыйкат болсо, админресурстарды колдонбосо, акча чачуулар катталбаса, дээрлик мыйзам чегинде каралса, чыр чыгып кетүүнүн алдын алса болот. 

-- Бийликтин канча партиясы күзгү парламенттик шайлоо аттанганы турат? Бул боюнча маалыматыңыз барбы?

-- Мага жеткен маалыматка таянсам, бийлик өзүнүн партиясын койбой турганы каңкууланууда. Анын канчасы негиздүү экенин азырынча айтуу эрте. Ошол эле учурда “бийлик өзүнүн 3-4 партиясын шайлоого жиберет” деген да маалымат таркады. Мисалы, “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Ыйман нуру” деген партияларды айтсак болот. Булар бийликтин партиялары экенин баарыбыз жакшы билебиз. Мындай нерсени биз туура кабыл алышыбыз керек. Албетте, бийликтин да партиялары болгон оң. Эң негизгиси, шайлоо адилеттүү, таза өтүшүн талап кылабыз. Муну коомчулук деле колдоп атат. Элибиз качанкыга чейин шайлоонун шайтан оюндарына малынып, бөлүнүп-жарылып, митинг, тополоңдун артынан чуркап жүрмөк эле? Баары жетиштүү болду, эл да түшүндү. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер