Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Искендер Шаршеев, экономист: “Накталай акчалар кийин таптакыр жок болушу мүмкүн”

Искендер Шаршеев, экономист: “Накталай акчалар кийин таптакыр жок болушу мүмкүн”

03-ноябрь, 23:36
746 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Министрлер кабинети айлык акыны накталай төлөгөндөргө айып пул салууну сунуштады. Айыптын өлчөмү 5 миң сомду түзүшү мүмкүн. Бул жагдай боюнча кандай пикирдесиң?

-- Негизи биздин акчабызды сырттан башка фирма чыгарчу. Албетте, бул нерсе кошумча мамлекеттик чыгымдарга алып келчү. Электрондук түрдө чыгарганда каражатты анчалык көп талап кылбайт. Андан сырткары, электрондук акчаны көзөмөлдөө дагы жакшыраак. Көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ошондуктан электрондук акча, накталай эмес төлөмдөр мамлекетке чыгымсыз жана ылайыктуу.

-- Кооптуулук жагычы?..

-- Накталай акчаны акырындап криптовалютага алмаштырышы мүмкүн. Кыргызстанда аны көзөмөлдөөчү мыйзамдар кабыл алынган. Ошон үчүн накталай акчалар кийин таптакыр жок болушу мүмкүн. Эгерде айрымдар накталай акча колдонуудан кооптонсо, криптовалютаны жакынкы келечекте өздөштүрүү керек болуп калат.

Электрондук валюта системасына жана накталай эмес төлөмдөргө акырындык менен өтүү зарыл. Банктар аралык процессинг, QR төлөмдөрү ж.б. Бул ишке ашырылышы керек, пайдалуу нерсе деп ойлойм.

Эл менен иштеген юридикалык жактар бар, алар үчүн накталай акчадан дароо баш тартуу кыйын болушу мүмкүн. Анткени баардык эле жарандар накталай эмес төлөм системасын колдонушпайт. Эгерде адамдар накталай эмес төлөмдөрдү жасаса, процесс стрессти азайтып, убакытты үнөмдөйт. Адамдык ката ыктымалдыгы да азаят. Эмгек ресурстарын үнөмдөө, ыкчам текшерүү, толук фискалдаштырууну камсыз кылуу, контрабанданы көзөмөлдөө, салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу – буга мамлекет максималдуу түрдө кызыкдар. Андыктан биз валютаны жүгүртүүнүн бул ыкмасына өтүүгө убакыт жетти.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер