Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Арапбаев чет өлкөгө эмнеге чыккан? Байлыгын жашыруу үчүнбү, же эс алганыбы?

Азамат Арапбаев чет өлкөгө эмнеге чыккан? Байлыгын жашыруу үчүнбү, же эс алганыбы?

25-июнь, 13:12
2 322 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Олигарх депутат Азамат Арапбаев аз күн мурда чет өлкөгө чыгып кеткенин уктук. Исхак Пирматов кармалгандан кийин эле куйкасы курушуп, тыбырчылап калганында мандем жок белеЭкөө айрым бизнестерин чогуу жасап жүрүшкөнү ачыкталабы? Айрым билермандар Азамат Арапбаевди “Мыйзамсыз баюу” беренесине кабыларын тымызын айтышууда. Себеби, Курманбек Бакиевдин “Акжол” партиясынан депутат болгонго чейин эле “майталкандын” үстүндө жүрчү. Ошондон тарта мандат колунан түшпөйт, улам бир партиядан депутат болуп эле келатат. Он жылдан ашык убакыттан бери ири көлөмдөгү жерлерди алганы, ар кыл тармактан бизнесин жайылтканы жашыруун эмес. Кайсы бийлик келбесин, жең ичинен берчүсүн берип, баарын колго алып келатканы кандай? Бирок, бу саам кыйналып калчудай. Былыгы чыккан аткаминерлерди, лөктөрдү Садыр Жапаров эч нерсесине карабай каматып, “кустуруп” атат го? Арапбаевге да кезек жакындап калса керек. Чет өлкөгө эмнеге чыгып кеткен? Байлыгын жашыруу үчүнбү, же эс алганыбы? Бул эргулдун Кыргызстандын түндүк-түштүгү дебей ири объектилери, ишканалары арбын экенин билебиз. Эмгиче тергөө органдары ырааты менен тизмектеп отурса керек... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер