Ленин РИИБде моралдык-нравалык атмосфера бузулуп, Азамат Байгазиевдин айласы кетүүдө
14-июнда Ленин РИИБнин орун басары Жолдошбек Калчаев кызматкери, милициянын майору Аида Сооронбаевага зомбулук көрсөтүп, уюлдук телефонун жана 2700 сомун тартып алган. Өз ара жаңжал чыкканын эшиттик. Бул боюнча Аида айым арызданган. Натыйжада, ИИМдин ички иликтөөсүнөн кийин Жолдошбек Калчаевдин кызматтан кеткени кабарланды. Бул көрүнүштү кандайча баалайбыз? Милиция жетекчиси зөөкүрлүк менен шугулданып атса, алакан жаясың да. Коллективде моралдык-нравалык атмосфера бузулуп, ичтен ирип жатышса, коомчулукка кантип үлгү көрсөтүшөт? Ленин РИИБ начальниги Азамат Байгазиев өздүк курамды татыктуу түрдө башкара албай, аксап калганы ырас. Бул эргул Свердлов РИИБсин жетектеп жүрүп, ал жакты да артка тартып, коомчулук астында далай сын-пикирге калып келген. Жоопкерчилиги каралбай, улам кызмат алмаштырып отуруп, аягында алсыздыгын, таз кейпин көрүп атабыз. Кедери бүтүндөй формачандарга тийип, ич ара чыр-чатакка жол берип, милициянын кадыр-баркын кетирүүдө. Азамат Байгазиев качанкыга чейин эрке бала сыңарындай тайраңдайт? Муну “сокур ичегидей” кесип ыргытса болбойбу? Аргасыздан ушундай ой келет да...
"Азия Ньюс" гезити