Чыныгы мырзалар кандай кыз-келиндерден жаа бою качышат?
Сулуу аялзаты турган турушу менен азгырык. Бирок, баары эле эмес. Бул жолу эркектердин көңүлүнө көк таштай тийген кыз-келиндерди мүнөздөп, чечмелеп берели. Жалпысынан үч түргө бөлсөк болот.
1. “Ириген ооздон чириген сөз чыгат” дегендей, тилдүү, долу катындарга жолобош керек. Мындайлар заардуу келип, бат эле көңүл калтырышат. Ошого катар эмоцианалдуу, кыялы өзгөрүлмөлөр да айнытып, жүрөк заада кылышары ырас. Майда сөздүү, ушакчылардан да алыс болуу шарт.
2. Билими тайкы, караңгы, ой-жүгүртүүсү пас кыз-келиндер менен кокустан сүйлөшкөндө эле боюңду ала качасың. А болбосо беймаза кылышат. “Кулак жапыра” качууга туура келет... Кээ бирлери бар, акча сурап, же сенин кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрүңө жараша мамиле кургусу келет. Андай “ачкүсөндөр” дароо эле байкалат.
3. Айрым айымдар менен сүйлөшүп, баардык жагынан жылдызың келишет. Өздөрүн жакшы алып жүрүшөт. Көңүлдөр бир жерден чыгып, акыры төшөк кумарына жеткенде ирээжитип коет. “Сырты жалтырак, ичи калтырак” дегендей, ички гигиенасы таза болбой чыккандар бар. Же сойкунун ролун жаратышса, ошол жерден ычкырыңды көтөр...
Aryba.kg