Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайненесин өлтүрүүнү каалаган келиндин окуясы

Кайненесин өлтүрүүнү каалаган келиндин окуясы

26-март, 20:15
1 797 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Келин менен кайнене такыр тил табыша албай койду. Кайненеге келиндин жасаганы жакпайт. Келинге кайненин мамилеси төп келбейт. Жек көрүү улам күчөп отуруп, акыры келинди шайтан азгыра баштайт: «Кайненеңдин көзүн тазаласаң, анын каарынан кутуласың. Ансыз да анын ичер суусу, көрөр күнү аз калды». Келиндин чындап эле ниети бузулат. Бир күнү ал аксакал табыпка келип, андан адам өлтүрүүчү дары сатып алууну каалагандыгын айтат.
Аксакал:
 
-- Аны эмне кыласың, кызым? - деп сурайт. Келин кайненеси менен болуп жаткан окуяны төкпөй-чачпай айтып:
 
-- Андан кутулуунун мындан башка айласы жок, - дейт.
Аксакал ага макул болуп, кичинекей баштыкка салынган чөп дарыны алып чыгат да:
 
-- Кызым, бул дарыны күн сайын кайненеңдин тамагына аз-аздан кошуп бергин.
Бир канча убакыт өткөн соң бул дары таасирин тийгизип, кайненең каза болот жана сенден эч ким күмөн санабайт. Анан да ал сени байкап калбасын үчүн тамакты абдан даамдуу жаса жана кайненеңе жакшы мамиле жаса, - дейт.
Келин сүйүнүп дарыны алат да үйүнө кетет. Ошол күндөн баштап кайненесине тамак жасаганда дарыдан бир аз кошуп коёт. Кайненеси күмөн санап калбасын деп тамакты абдан даамдуу жасайт.
Кайнене эмне десе, ошого макул болуп жакшы мамиле кылууга өтөт. Күн өткөн сайын келининин мүнөзү өзгөрүп, тамакты да даамдуу жасап калганына ичи жылыган кайнене ага жакшы сөзөрүн айтып, каарын төкпөй калат.
Дагы бир аз убакыт өткөн соң кайнене келинин өз кызындай жакшы көрүп, эркелетип бапестей баштайт. Кайнененин мындай мамилесине ичи жылыган келин өз кылыгына өкүнүп
, түнү менен ыйлап чыгат. Кайненсин өлүмдөн кантип алып калуунун жолун издейт. Акыры баягы табыпка кайра келет.
 
-- Эмне болду кызым, сага дагы кандай дары керек? – деди абышка.
-
- Ата, мен туура эмес иш кылыпмын, кайненем мага өтө жакшы мамиле кылып жатат, анын жанын сактап кала турган дары бериңиз? - деди келин шашкалактап.

Ошондо көптү көргөн дарыгер:
 
-- Кайненеңдин өмүрүн гана эмес, экөөңөрдүн мамилеңерди да сактап кала турган дарыны өткөндө эле бергенмин, - деди мыйыгынан жылмайып.  


 Бейиш

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер