Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замир Айылчиев: “Билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо керек”

Замир Айылчиев: “Билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо керек”

29-июль, 09:00
597 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурдагы министр Алмазбек Бейшеналиевдин билим берүү тармагындагы реформаларына кандай ойдосуң?

-- Билим берүү тармагы өлкөнүн экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүсүнүн мотору. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин бул жааттагы реформаларын биз – коомчулук, ата-энелер жапырт колдошубуз керек. Себеби, бул реформаларды колдоо менен өлкөнүн үчүнчү экономикадан экинчи экономикага секирик жасоосуна каалгасын ачат. Дүйнөлүк стандарттарга жооп бере турган билим берүү системасына ээ болсок, кыргыз коомчулугу үчүн зор жетишкендик, ал эми дүйнө өлкөлөрү үчүн ырааттуу үлгүнү көрсөтөбүз.

Мисалы, санариптик онлайн каттоо аркылуу жүз миңдеген окуучулардын адилеттүү мектепке тапшыруусуна жол ачылып, кендирди кескен коррупциянын түп-тамырынан жоготпосо дагы кыскартып жатат. Мындан сырткары, атадан балага мурас катары мектеп директорлору боюнча жаңы өзгөрүүлөр кирип, мындан ары беш жылдан ашуун иштеген мектеп директорлору кайрадан конкурстук негизде дайындалмай болду. Бул дагы мактоого татый турчу иш. Бул чечкиндүү министрдин өкмөткө келгендигинен кабар берет. Жөнөкөй эле мисал: Бишкектеги кээ бир гимназиялардын директорлору мектепке окуучуну киргизүүдө “шапка” катары 800дөн 4000 долларга чейин алып келишкен. Мектеп директорлору хандай эле жашап калышкан. Ошол бай-манаптык маданият эми жоголуу алдында турат. Өзгөрүү өзүбүздөн, өзгөчө ата-энелерден башталат. Министрдин жаңы кадамдарын колдоо керек. Эл ушуну жонтериси менен сезиши абзел. Өнүккөн өлкөдө баарыбыз жашагыбыз келет. Тилекке каршыкылган ишибиз ага дал келбейт. Азыр туура багыттагы иштерди баштаган министрди колдобосок, кийинки министрлер эч нерсени кыйратпайт. Билим берүү – бул өзгөчө стратегиялык багыт. Келечектеги күчтүү кадрларды даярдайт. Ал эми күчтүү кадр – күчтүү, өнүккөн өлкөнү курат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер