Акыркы кабарлар
» Коом » Талантбек Батыралиев министрликти “минип” алганбы?
Талантбек Батыралиев министрликти “минип” алганбы?
25-май, 23:23


Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов билимдүү, тажрыйбалуу кадр экени талашсыз. Беш тил билет. Бирок жетекчи катары мүнөзү жумшак, талапты катуу коё албаганы коллегалары тарабынан айтылууда. Анан калса, “устаты” Талантбек Батыралиев ыңгайдан пайдаланып, медицина тармагынан бизнес жасап, “кол ийрисине тарткан” артыкчылыктарга жетишүүдөбү? Мындайча айтканда, министрге “чырмооктой жармашып”, каржылык кызыкчылыктардын кумарына азгырылып атабы? Бул багыттагы иликтөө иштери жакында ачыкталса, көмүскөдөн көп кызыктар чыгабы? Суроо салып, коңгуроо кага туралы. Азыр коомчулуктан эч нерсени жашыра албайбыз да...











