Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тилек Токтогазиев: “Бизди каралоо үчүн фейктер тобуна команда берилип, тепкилеп киришти”

Тилек Токтогазиев: “Бизди каралоо үчүн фейктер тобуна команда берилип, тепкилеп киришти”

12-июнь, 13:21
1 761 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тилек мырза, “Жаңы демге” жаңы күч болуп кошулуп, курч дем менен чыгуудасың. Тоскоолдуктар, коркутуулар болгон жокпу, даярдыктар кандай башталууда?

-- “Өтө чоң коркутуулар болду” деп айта албайм. Майда-чүйдөлөрү орун алып, айтылып калып жатат. Альянска 4-5 күчтүү топтор келди. Азыркы учурда программаларыбызды талкуулап, карап жаткан учурубуз. Көпчүлүгү “бириккен жаштар улуу муундагы саясатчыларга баш ийип калышат” дегендей пикирди айтып башташты. Андай деле болгон жок. Тескерисинче, жаш саясатчыларга жол ачып берип жатышат. Биз болсо жоопкерчиликти моюнга алабыз. Ар бир нерсенин өз мезгили бар: саясатчылардын көтөрүлө турган мезгили, саясаттын туу чокусунда турган мезгили, кайра ылдыйлаган мезгили дегендей. Биздеги улуу муундагы саясатчылардын “тарыхта жакшы из менен калсак” деген үлгүлүү ойлору бар деп ойлойм. 

-- “Чийриген системаны сындырам” деген сөзүң социалдык баракчаларда катуу талкуу жаратты окшойт...

-- Мындай сөз, албетте, айрымдарга жага бербейт. Оппозициялык блок болуп чыкканда баары эле каралоого маалымат издешет. Каралоо максаттары болот. 18 жашымда эки миң сом менен ишкерликти баштап, жаман иштерге аралашпай ак мээнетим менен жүргөндүктөн, аларга кынтык табуу оорурак болот. Болбогон бир нерседен кармап алып эле жаманатты кылып, тийишкенге аракет кылып жатышат. Атайын бир фейктер тобуна бизге карата “каралоо иштерин жүргүзгүлө, тепкилегиле, соккула” дегендей команда берилгендей. Бирок, биз элдин үмүтүн актаганга, жаңы жол салууга даярбыз.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер