Гүлзат Аалиева: “Өлкөдөгү таблиги жамаатка мыйзамдуу түрдө тыюу салынсын!”


-- Гүлзат айым, заманбап диний радикализмдин тамыры кайдан келүүдө?
-- Заманбап диний радикализмдин тамыры тууралуу сурооңузга жоопту бир аз алыстан баштасам. Көп жылдар бою жогорку окуу жайларында геосаясат деген сабактан дарс окудум. Геосаясый концепцияларды дарс кылып окуп жүргөн адис катары заманбап диний радикализмдин тамыры болуп "мондиализм" деп аталган теория эсептелерин ынанымдуу айта алам. Эсиңиздерге салсам, мондиализм (француз тилинен monde – бир дүйнө) – бул жер жүзүнө бир гана улуттун же диндин үстөмдүгүнө таянган жалгыз мамлекет куруу идеясы. Мондиализмдин тамыры байыркы тарыхтан башталат. Айтсак, 1) Батыш менен Чыгышты бириктирип, элдердин (гректердин) маданиятынын үстөмдүгүнө таянган Эллада мамлекетин курууга аракет кылган Александр Македонскийдин мондиализми, 2) крестүүлөрдүн жортуулу (крестовые походы) аркылуу бүткүл дүйнөгө Царство Божие орнотууну каалаган католик дининин мондиализми, 3) джихад жана газават аркылуу бүткүл дүйнөгө Халифат орнотууну каалаган ислам мондиализми, 4) "баардык өлкөлөрдүн пролетарлары, бириккиле!" деген ураандын астында бүткүл дүйнөгө коммунизм орнотууну самаган марксисттик-лениндик мондиализм, 5) семит элдеринин баалуулуктарын дүйнөгө орнотууну самаган НАТО уюмунун заманбап мондиализми. Демек, АКШ доллары менен радикалдуу ислам – СССР мамлекетин кулагандан кийин кеңири колдонула баштаган дал ушул мондиализмдин эффективдүү куралдарынын бири.
-- Демек, диний радикализм дүйнөлүк масштабдагы геосаясый стратегиялар менен байланыштуу экен да...
-- Ооба, тилекке каршы, ошондой. Сырткы геосаясый күчтөрдүн пачка-пачка акчасы менен каржыланган радикалдуу диний агымдар улуттук иденттүүлүктү жокко чыгаруу менен башына маңкурттун ширисин кийген кулдарды штамптап чыгарган заводго айланып бара жатканын баарыбыз көрүп жатпайбызбы. Мисалы, кыргыз кыз-келиндерин дүңүнөн хиджабга ороо, же Нурзат Токтосунова өткөргөн ашкере арабдашкан кыз узатуу тою – жогоруда айтылгандарды тастыктай алат.
-- Эгер диний радикализм дүйнөлүк геосаясаттын алкагында сакалчандар менен хиджабчандарды пайдаланган куралы болсо, анда эртеңибиз кандай болор экен?
-- Диалектиканын мыйзамы боюнча баардык нерсенин оң-солу, жакшы-жаманы, ысык-суугу болот эмеспи. Ошол себептен, эгер НАТО өлкөлөрү кубаттоого алган Украина менен болгон согушта Россия жеңе турган ийгиликке жетсе, анда биз сөз кылып жаткан мондиализмге чекит коюлат. Анткени, доллардын функционалдык чөйрөсүн бүткүл дүйнөлүк масштабда кыскартуу аркылуу гана радикалдуу диний агымдарды ооздуктоого мүмкүн болот деген ойдомун.
-- Өлкө ичинде диний радикализмди кантип ооздуктоого болот?
-- Улуттук идеологияны иштеп чыгып, улуттук интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү менен тыгыз ишмердик алып баруу зарыл. Мындан сырткары, өлкөдөгү таблиги жамаат сыяктуу радикалдуу диний агымдарга мыйзамдуу түрдө тыюу салынып, Нурзат Токтосунова, Айжан Акылбекова, Анжелика Кайратова сыяктуу радикалдуу динди пропагандалаган шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү Жазык кодексинин тийешелүү беренеси менен жоопко тартылып, жок эле дегенде олчойгон айып пул төлөөлөрү зарыл.











