Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Галина Байтерек: “Жапаровдун атын жамынгандарды жоопкерчиликке тартуу керек”

Галина Байтерек: “Жапаровдун атын жамынгандарды жоопкерчиликке тартуу керек”

10-март, 10:09
629 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек айрым адамдар Садыр Жапаровдун колдоосу астында иш кылары жөнүндө билдирүүлөргө комментарий берди. Анын айтымында, акыркы кезде медиа мейкиндигинде “президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен иш алып барып жатам” деген адамдардын билдирүүлөрү пайда болду. Бул адамдардын аттары ар кандай жаңжалдар менен чыр-чатактарда аралашып жүрөт.

“Садыр Жапаров шайлоо өнөктүгү маалында эле “өз” жана “жат” деп бөлбөстүгүн билдиргенин эске салгым келет. Эч кимге эч кандай колдоо болбойт. Садыр Жапаровдун бул позициясы азыр дагы өзгөргөн жок” деди Галина Байтерек.

Маалымат катчы баса белгилегендей, президенттин аты менен макамына жамынган айрым жарандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек.

“Мен кыргызстандыктарды президенттин атын жаманатты кылган адамдарга ишенбей, укук коргоо органдарына токтоосуз кайрылууга чакырам. Бул нерсе мамлекеттик башка жогорку кызматтагылардын жана саясатчылардын колдоосуна жамынып жүргөндөрдүн баарына тийешелүү. Бул сыяктуу аракеттер — мамлекеттик реформаларга болгон чыныгы чагымчылык. Президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан саясат, тескерисинче, ушундай мыйзамсыз иш-аракеттерден арылууга багытталган” деди Байтерек.

Маалымат катчы Жапаровдун “алтургай туугандарымдын бири мыйзам бузганы аныкталса, жоопкерчиликке тартылат. Кадр саясаты чиновниктер менен саясатчылардын туугандык байланыштары аркылуу эмес, кесипкөйлүк жана жоопкерчилик принциби менен жүргүзүлөт” деген сөзүн эске салды.

“Чындыгында акыркы 10 жылда кыргызстандыктар мыйзам бузгандардын көптөрү бийлик чөйрөсүнөн башкалка таап алышканына көнүп калган. Анүстүнө алар жогорку кызмат адамдарынын атын жамынып алып кылмыш жасай беришкен. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, айрым жогорку мамлекеттик кызматкерлер өздөрү бир нече жолу кылмыш жасагандыгы үчүн кармалышып, соттолушкан. Алардын айрымдары дагы деле качып жүрүшөт, алар укук коргоо органдары менен эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан изделүүдө. Эми мындай туура эмес тажрыйбаны жок кылуу үчүн Кыргызстандын бардык жарандары биригиши керек. 

Чиновниктер, мамлекеттик кызматкерлер өз чөнтөктөрү же туугандары менен дос-тамырларынын кызыкчылыгы үчүн эмес, эл үчүн иштеши керек” деди маалымат катчы. Ал ошондой эле реформалардын бардыгы ушул сыяктуу мыйзамсыз системага каршы багытталганын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер