Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бороновду шайлоого аттанган партиялар тоготуп да коюшкан жок

Бороновду шайлоого аттанган партиялар тоготуп да коюшкан жок

21-август, 10:17
800 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ошентип, аламан жарышка карай баардык саясый күчтөрдүн съезддери болуп өттү. Эң өкүнүчтүүсү, бир дагы партия санитардык эрежелерди сактаган жок. Курулай пиардын аркасынан түшүшүп, кыналыша отургандар, анан калса, үймөлөктөшүп сүрөткө түшкөндөрү интернетте жайнады...

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов бул боюнча сылык гана эскертүү берип койду. Ал деле коркуп атат да, “бир жарым айдан кийин уткан партиялардын “мыктылары” лөкүлдөп келишсе, өпкөмдү жулуп алышпайбы?” деген мааниде. Аныгында, премьер-министр аткаруу кызматынын башында турат, жоопкерчилиги чоң. Кокус эртең апаат кайрадан курчуса, кандай кылабыз? Арканды алыс ыргытып, ден соолук коопсуздугун бүгүнтөн баштап кароо зарыл. Аз күндө шайлоонун пиар иштери башталат, ооз жүзүндө “элдер көп чогулбасын” деген менен кайрадан башаламандыкка күбө болобуз. Пандемия убактылуу турукташканы менен айрым региондордо кырдаал курч бойдон калууда. Агитациялык өнөктүктүн шарданында кайрадан вирусту жайылтып алсак, элдин шоруна калабыз! Дал ушул жагын президент өзү да көзөмөлгө алышы шарт.

О.э. Кубатбек Боронов той-аштарды токтото турууну да айтып, коомчулукка кайрылган. Тилекке каршы, оюн-зоок, куран окутуу тыйылган жок. Бул жагынан баш ийбеген ресторан-кафелерге айып пулдарды көбөйтүп, мамлекеттик органдар тыкыр текшерүүгө алышы зарыл. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер