Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Бакетаев: “Садыр Жапаров шайлоодо утса, ташбараңга алчулар чыгышат”

Бакыт Бакетаев: “Садыр Жапаров шайлоодо утса, ташбараңга алчулар чыгышат”

10-декабрь, 15:25
4 883 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жандоочулары менен маалымат жыйын өткөрүштү. Анда алар Садыр Жапаровдун президенттик шайлоого катышуусун мыйзамсыз катары баалашып, Жапаровдун талакерлигин чектөө тууралуу арызын БШКга жолдогонун айтышты. Бул тууралуу саясат таануучу Бакыт Бакетаев пикирин төмөндөгүчө билдирди.

-- Топ саясатчылар “Жапаров шайлоого мыйзамсыз катышууда” дешүүдө. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-- Ар бир мыйзамдын тамгасы жана руху болот. Мыйзамдын тамгасына таянсак, 4-октябрдагы шайлоо өттү. Анткени баардык эл аралык көзөмөлчүлөр “шайлоо өттү” деген тыянак чыгарган, бул факт. Ооба, мыйзам бузуулар болду, бирок, элдин бир тобу партиялардын программаларын көрүп ынанбады, “андан көрө миң сом алганыбыздын пайдасы көбүрөөк” дешип, добуштарын беришти. Бул көрүнүшкө ким күнөөлүү? Партиялар күнөөлүү. Эл эмес. Партиялардын программалары чийки, түшүнүксүз, идеялары бүдөмүк жана дээрлик көпчүлүгү элге программалардын максатын жана маңызын жеткире албай коюшту. 

5-октябрда активдүү жарандар Бишкекке келишип, “ташбараң курултай” өткөрүшүп, мыйзамдардын рухуна таянышып, бийликти алмаштырышты. Эл Садыр Жапаровду колдоду. Эми Садыр Жапаров “мыйзамдын рухуна” жараша шайлоого катышканга укугу бар.

-- Жапаров баардыгы сыяктуу эле жөнөкөй талапкер да. Бирок, ал резиденцияда жашап, анын достору таасирдүү кызматтарда отурушат. Бул абал шайлоонун акыйкат өтүшүнө таасир этпейби? 

-- Туура, таасир этет. Садыр Жапаровду колдогон эл көп, бирок, башка талапкерлерди колдогон шайлоочулар админресурс иштеген жок деген сөзгө ишенбейт. Эгер Садыр Жапаров 10-январда утса, нааразы болгон активдүү жарандар митингге чыгышып, “мыйзам бузуулар болду деп дагы “ташбараң курултай өткөрүшү толук мүмкүн. 

-- Жапаров аркылуу айрым талапкерлерге кысым жасалганы айтылууда. Буга кандай пикирдесиз?

-- Садыр Жапаров татаал тагдырдын сыноосунан өткөн соң, жаман иштерге барбайт. Бирок, жан-жөөкөрлөрү артык кылабыз деп тыртык кылышы ыктымал...


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер