Бактыбек Чойбеков, ЖК депутаты: “Жугуштуу оорулардын таралуу коркунучу туулуп турат”

-- Бактыбек мырза, кечээ эле Таласка барып келбедиңизби. Шайлоочуларыңыз кандай көйгөйлөрүн айтышты?
-- Акыркы жылдары жеке менчик клиникалар ачылбадыбы. Алардын мамлекеттик ооруканалар менен келишимдери бар экен. Жеке ооруканалардан чыккан таштандылардын баары мамлекеттик ооруканалардагы меште өрттөнчү тура. Бүгүнкү күндө ал келишим токтоп калып, жеке ооруканалар өздөрүнөн чыккан таштандылардын баарын жалпы эл таштачу таштандыларга ыргытып атыптыр. Өзүңүздөр билесиздер, ооруканадан ар кандай нерселер чыгат. Бул болсо жугуштуу оорулардын таралышына алып келиши мүмкүн. Андыктан, бул элибиздин саламаттыгына түздөн-түз тийешеси бар өтө олуттуу маселе.
-- Таласта жеке менчик ооруканалар көппү?
-- Жыйырмадан ашуун. Бирок бул жалаң эле Таласка эмес, жалпы республикага мүнөздүү көйгөй.
Аттокур Жумаев