Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жашыруун никеге туруп алдым, эми аягы эмне болот?

Жашыруун никеге туруп алдым, эми аягы эмне болот?

05-июль, 12:00
1 231 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күйөөм менен ажырашканыма эки жыл болду. Бир кызым бар. Кудайга шүгүр, иштейм, жашоо турмушум жакшы. Кызымды эч нерседен кем кылбай багып атам. Бирок алты айдан бери бир жигит менен сүйлөшүп жаткам. Мага, кызыма болгон мамилеси аябай жакшы. Мени дайым баардык жактан колдоп турат. 

Ал бойдок эле, “мен сенин теңиң эмесмин, мага көнүп калба” дечүмүн. Байкасам, өзүм деле жактырып калыпмын. Экөөбүз жашыруун нике окутуп алдык. “Күзүндө той кылып, ачыкка чыгабыз” дегенине макул болдум. Эми үч жумалык боюмда бар экен. Аны айтсам, аябай сүйүндү. “Балалуу болобуз, мага уул төрөп бересиңби?” деп сүйүнүп жүрөт. “Үйдөгүлөрдү жөнөтөйүн, той кылып алып кетейин” деп жатат. Бирок, мен ал нерсеге даяр эмес экенмин. “Баланы алдырып салалы” десем, “сен жинди болуп калыпсың! Кантип экөөбүздөн жаралган баланы “өлтүрөм” деп жатасың?!” деп урушту. 

Өзүмдү коёрго жер таппай жатам. Эмне кылсам туура болот? Эгер турмушка чыгып кетсем, ишим калат, ойлогон ой-максатарымдын баары жок болот.
 
“Анын ата-энеси мени кандай кабыл алат?” деп да корком. 


Алина 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер