Ата-энем “турмушка чык” деп шаштырып жатышат

Мен 28 жаштамын. Ата-энем “турмушка чык” деп шаштырып жатышат. “Кийин жакшыны таппайсың, ажырашкан же ичкиликке берилгендер гана калат” дешет. Мен үй-бүлө курууга каршы эмесмин, болгону муну жалгыз калуудан коркуп, же элге бир нерсе далилдеш үчүн кылгым келбейт.
Үйгө барган сайын бир эле сөз: “Жакшылары калбай калды”, “убакыт өтүп баратат”, “эмнеге кызың турмушка чыкпай атат?” деп эл айтып атат” деп апам кыйытат, атам унчукпагандай түр көрсөтөт да, анан эле “таанышым небереси менен сейилдеп жүрүптүр...” дегенди айтып өтөт.
Мен өз алдынча жашайм, акча таап иштейм, эмне кааларымды билем. Кээде жалгыз китеп окуп, интернет чукулап отурганым үй-бүлөдөн артык.
Апам мени тааныш эженин баласы менен жолуктурду. 33 жашта экен, машинасы, ипотекасы бар. Бирок сүйлөшүп отуруп эле “аялдар өздөрүн ашыкча баалашат”, “30га чыгып калганды алгым келбейт” деп баштады. Дароо жакпай калды.
Ооба, кээде жалгыз калуудан коркосуң, бирок “жөн гана турмушка чыгып коюу” үчүн өзүмдү мажбурлай албайм. Эгер чын эле ажырашканга тийсем, жок дегенде чынчыл жана таза адам болсо экен дейм.
Нурия
"Азия Ньюс" гезити