Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улукман Мамытов, экономист: “Жол куруу экономиканы көтөрүп, туризмди өстүрөт”

Улукман Мамытов, экономист: “Жол куруу экономиканы көтөрүп, туризмди өстүрөт”

04-октябрь, 16:01
3 174 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Улукман мырза, өлкөдө жол куруу азыр абдан активдүү жүрүүдө. Бул экономикалык жактан канчалык маанилүү?

-- Экономикалык тил менен айтканда, жакшы көрүнүш. Жолдордун курулганы – экономиканын өсүп жатканын тастыктаган белгилердин бири. Жол куруу – жумуш орундарын түзөт, ишканаларды активдештирет, транспорттук системаны жакшыртат эмеспи.

-- Аймактар аралык каттамга жана туризмге таасири кандай?

-- Курулган жолдор аймактарды жакшырткан байланышка алып келет. Туризм өнүгөт, саякатчылардын келүүсү жеңилдеп, мейманканалардын, тейлөө секторунун иштеши күчөйт. Жүк ташуу да экономикалык жактан пайда берет. Салыштырып караганда, сапаттуу жолдор менен жүк ташуу төрт эсе арзаныраак.

Маселе көбүнчө сапатта жана адистерде. Биз жол куруучу компанияларды күчөтө албай келебиз. Натыйжада чет элдик компаниялардан сатып алып,   сапаттуу курулуш камсыз болбой калат. Ошондой эле заманбап технология менен эмгектенген адистерди даярдай албай жатабыз. Чет элдиктер өз адистери менен иштешет. Эгер сапатты көзөмөлдөп, адистерди даярдасак, бул багыттагы инфраструктуранын өнүгүшү өлкөнүн экономикасынын көтөрүлүшүнө салым кошот.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер