Ысак Кочкорбаевдин дүйнөгө таанылган асыл тукум жылкыларын унутуп калабызбы?

Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССР Жогорку Советинин жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин үч жолку депутаты, эки Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ж.б. толуп жаткан орден-медалдардын ээси Ысак Кочкорбаев жөнүндө сөз кылалы. Бул киши легенда, себеби, “Жаңы кыргыз” асыл тукум жылкысынын автору. Маршал Будёныйды таңкалтырган адам. Кыскасы, Ысак Кочкорбаевдин эл-жер үчүн кылган эмгеги ат көтөргүс. Ал адамдын кылган кызматы, изги тилеги, асыл максаты тууралуу анын уулу, Ы.Кочкорбаев атындагы жеке менчик дыйкан чарба ээси Мекен Кочкорбаев менен бирге кеп улайлы.
Кочкорбаевдин тулпарлары
-- Кыргыз элинде “Ат – адамдын канаты” деген учкул сөз бар. Бул сөздүн мааниси жалаң эле аттын узак жолду баскан мүмкүнчүлүгү гана эмес, жаныбарлардын адамга канат болгонун дүйнөгө “Новокыргыз” породасын ачкан Ысак Кочкорбаевдин өрнөктүү өмүр таржымалы далил болуп бере алат. Ал уюштуруучу, мамлекеттик ишмер, Ата мекендик согуш убагында СССРдин жеңишин камсыз кылууда эбегейсиз зор салымын кошкон адам. Таза кандуу кыргыз бээси менен асыл тукум англис айгырларынын аргындашуусунан “Новокыргыз” уникалдуу тулпарлары келип чыгарына көзү жеткен көрөгөч инсан болгону тарых тастыктады. Кыргызстанда эң алгач өстүрүп, аны дээрлик 30 жыл бою жигердүү өздөштүрүп келди.
Ысак Кочкорбаев 1937-жылы Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1941-жылы жаз айында Советтер Союзунун ошо кездеги эң жогорку сыйлыгы болгон Ленин орденин М.И.Калининдин өз колунан алган. 1945-жылы Улуу Жеңиш медалы менен сыйланган. 1947-жылы 2-жолу Эмгек Кызыл Туу орденине ак эмгегин үрөп жеткен. 1951-жылы Ардак белгиси ордени ыйгарылды. 1957-жылы СССР Жогорку Кеңешинин чечими аркылуу Ысак Кочкорбаевге Социалистик Эмгектин Баатыры деген эң жогорку наам берилип, Алтын жылдыз жана Ленин ордени менен сыйланган.
Ысак Кочкорбаев мамлекеттик ишмер эле. Ал Кыргызстандын компартиясынын V-IX съезддердин делегаты, VI съезддин ревизиондук комиссиясынын мүчөсү болуп шайланган. 1947-1957-жылдары Кыргызстандын Жогорку Кеңешине, 1952-жылы КПССтин XIX съездинин делегаты катары катышкан. 1954-жылы Кант шайлоо аймагы Ы.Кочкорбаевди СССР Жогорку Кеңешине депутат кылып шайлаган.
Кочкорбаевдин тулпарлары же үй музейдеги өзгөчө көргөзмөлөр
-- Ысак Кочкорбаев 1920-жылы Тыныстан кызы Ширинге үйлөнүп, агасы Сыдыктын үй-бүлөсү менен жашайт. Ошол кезде Сыдык Кочкорбаев Ысык-Ата районунун Карымшак айылынын болушу (сельсовети) болуп иштеп турганда, ал өзүнүн үй-бүлөсүнүн жер үлүшүн алган. А Ысак бир тууган агасынын жерин тынымсыз иштетип, Сыдыктын чарбасын орто деңгээлге жеткирет. Ошентип Ысак көчмөн турмуштан жаңы айыл чарба кооперациясы түзүлгөн учуруна туш келген.
1922-жылы Жер жөнүндө декрет чыкканда жалпы кыргыз эли көчмөн жашоодон отурукташуу жашоого өтөт. Ал кездеги Пишпектин чыгыш жагында Улуу Жибек жолу менен 30 чакырымдай мурдагы Сергеевка, азыркы Кеңеш айылында Ысактын үй-бүлөсү, туугандары жер үлүшүн алышып, жеке менчик чарбасын түзүшөт. Эгин айдап, буудайын малга алмашып турушкан. НЭП убагында Ысактын бир үйүр (10 бээ, бир айгыр) жылкы, 2 бука, 2 уй музоосу менен 10 чакты кой-козусу жана бир сокосу болгон. Жерине өзү ээлик кылып, кызыкчылыкка карай иштеген дыйкан үй-бүлөсүн толук кандуу багып кетерин ошондо терең түшүнөт. Үй музейде В.И.Лениндин “Пайдасыз майда дыйкан чарбаларды гана чоң дыйкан чарбалар бириктирет” деген сөзү жазылып турат. Бул сөздүн актуалдуулугу бүгүнкү күндө да терең, мааниси өтө чоң. Себеби, мурунку кетирген каталарды кайталабас үчүн.
Менчик дыйкан чарбаларды кооперативге бириктирген
-- Ысак Кочкорбаевдин эмгекчил, уюштургуч, билгичтик, максатка умтулган сапаттарын эл-журту өз убагында жогору баалаган. Ал 1929-жылы моңолдордун 38 менчик дыйкан чарбасын бириктирип, “Алга” кооперативин уюштурат. Кооперативдин башчылыгына Ысакты шайлашат. Үй музейде ошол кездеги колго тартылган чоң сүрөтү жана фотосу илинип турганы эстелик эмеспи.
Бүгүнкү сөз менен айтканда, бул менчик дыйкан чарбалардын ассоциациясындагы дыйкандар. Бирге иштеп, түшүмдү тең бөлүп алышкан коммуна эле. Бүгүн Ысак Кочкорбаевдин аймагындагы (айыл аймагы) дыйкандар жер үлүштөрүн алышкан. Бирок, мал, айыл чарба техникалар үлүштөрүн албай калышып, азыр ошол кездеги кооперативдерди түзө албай кыйналып жатышат. Анын бирден-бир себеби, колхоздо болгону 3-4 гана кыргыз калып, калганы дунган жана түрк улутундагылар басымдуулук кылышып, техникалар кыргыздарга тийбей калган. Ы.Кочкорбаев атындагы айыл өкмөтүнүн тарыхында кооператив цивилизациясынын духу бар. Аталарыбыздын мурунку өткөн жолдору, азыркы биздин балдарыбыздын турмушуна таңкы чолпон жылдыздай жарык берип, ачык түшүндүрүп көргөзүп турбайбы! Ошондуктан менчик дыйкан чарбаларынын ассоциациясына бириктирип, кооператив уюштуруучусу Ысак Кочкорбаевдин тажрыйбасы базар экономикасына өткөн мезгилде чакан кооперативдерди уюштуруу өтө зарыл эле.
Бүгүнкү күндө жеке менчик дыйкан чарбалардын ээси сугат суусу жетишпегендиктен же башка себептерден, өз жерлерин иштете албай арзан баага арендага беришип, же сатып жиберип жатышат. Мүмкүн ошондой дыйкандар өз ыктыярлары менен жеке менчик дыйкан чарба ассоциациясына биригип чакан коопреативдерди уюштурушат, мурун Ы.Кочкорбаев жасагандай.
“Кеңеш” колхозу – кооперативдер ассоциациясынын алгачкы уюштуруучусу
-- 1931-жылы Ысак Кочкорбаев партиянын катарына кабыл алынат. Жылдын аягында күчтүү “Алга” кооперативге начар кооперативдер кошулушат. Алсак “Болотбек”, “Уюм”, “Бирлик”, “Ынтымак”. Бул кооперативдер биригишип, “Кеңеш” колхозу уюшулуп, Ысак Кочкорбай уулун башкармалыкка шайлашат. Ал колхозго кирген мурунку кооперативдердин макамын бригада катары кармап, бириккен дыйкан кооперативин түзөт. Бүгүнкү сөз менен айтканда, кооперативдер ассоциациясын уюштурган. Ошол кезде “Кеңеш” колхозунда 5 кооператив курамында 150 менчик дыйкан чарбада 700 баш малы болгон. Ысак колхоздо өзүн-өзү башкарган чакан коом уюштурат. Колхоздогу кооперативдер, бригадалар бири-бири менен атаандаштыкта мелдешип, катуу тартип менен түшүмдү мол алышып, миллионерге айланышат. Эгер 1932-жылкы колхоздун кирешеси 103 миң рубль болсо, 1940-жылы 1 миллион 117 миң сомго чейин өскөн. Эмгекчилердин бир күндө иштеп тапкан акысы 65 тыйындан 6 рубль 35 тыйынга чейин көбөйгөн.
1947-жылы “Кеңеш” колхозу кайрадан дагы миллионер чарбага айланат. Алардын акча кирешеси 1 миллион 735 миң рублди түзөт. 1953-жылы миллионер “Кеңеш” колхозунун акча кирешеси 3 миллион 735 миң рублге жетет. Анын ичинен мал чарбасы эле 2 миллион 219 миң рублди түзгөн. Ал эми 1957-жылы миллионер “Кеңеш” колхозу акча кирешеси 8 миллион 20 миң рубль болуп, эмгекчилердин акысы 10 рубль 20 тыйынды түзгөн.
Кыргызстанда алгачкы таза кандуу англис тукумундагы жылкы ферманы уюштурган
-- 1938-жылы Ысак Кочкорбаев жетектеген “Кеңеш” колхозу өндүрүштүк пландарын ашык аткаргандыгы үчүн республикалык кеңешмеде таза кандуу айгырлар менен сыйланат. 1939-жылы чарбанын жылкы фермасы үчүн дүйнөдө атактуу англис, орус-америкалык күлүк жана таскактуу, таза кандуу асыл тукум айгырларын сатып алган. Ошол сатып алынган аргымактардын арасында “Привет” деген айгыр – атактуу рекордсмен “Боба Дугластын” небереси жана дагы үч таза кандуу англис таскактуу жорголор: “Бейрут”, “Пират” жана “Гарем”, андан башка эки таза кандуу англис тукумундагы “Шамал”, “Левай” айгырлары алынган. Ошентип Ысак Кочкорбаевдин тынымсыз аракети менен 1939-жылы республикада биринчи таза кандуу англис тукумундагы жылкы фермасы “Кеңеш” колхозунда түзүлөт. 1940-жылдары жылкы ферма башчысы Сыдык Кочкорбаевдин жетекчилиги астында кыргыз бээлерин англис тукумундагы айгырларга аргындаштыруу жолу аркылуу селекция ишин жүргүзүп, англо-кыргыз жылкыларын чыгарып, чыдамкай күлүктөрдү өстүрө баштаган.
“Кеңеш” колхозунун жылкычылары Москвада Бүткүл союздук чарба көргөзмөсүндө
-- “Кеңеш” колхозунун жылкычылары 1939-жылы Москва шаарында өткөн Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүнө (ВДНХ) катышып, жеңишке ээ болушат. Көргөзмөдө Сыдык Кочкорбай уулунун жылкы фермасы мотоцикл жана акчалай сыйлыкка татыйт. Ал эми Сыдык өзү чоң күмүш медаль жана Ардак грамота менен сыйланат.
1940-жылы Москвада өткөн Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүндө Ысак Кочкорбай уулу да чоң күмүш медаль менен сыйланат. “Кеңеш” колхозунан Шейше Осмон уулу, Жумакмат Байзак уулу, Сатыгул Рыспай уулу, Сман Белеген уулу, Курман Өтөгөн уулу, Момбек Малаш уулу сыяктуу жылкычылар Ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышкан. Ысак Кочкорбаев жетектеген “Кеңеш” колхозунун жылкычылары 1939-1940-1947-1953-1954-1956-жылдары Москвада өткөрүлгөн Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүнө такай катышып турган. Алар өстүргөн, баккан таза кандуу англис тукумундагы асыл тукум “Новокыргыз” породасындагы жылкылар күлүктүгү жана чыдамкайлуулугу менен айырмаланган. Кийин 1990-жылы Ы.Кочкорбаевдин 100 жылдыгында анын баа жеткис эмгегин эске алып, Фрунзе шаарындагы ВДНХда боло турган “Ы.Кочкорбаев атындагы көргөзмөсү” деген элдин сунушу тилекке каршы иш жүзүнө ашпай калган. Себеби, ошол жылдары союз урап, аны менен кошо чарба көргөзмөсү да өтпөй, колхоздор бир көз ирмемде таратылган...
Улуу Жибек жолундагы эски эл аралык жарманке кайсы жерде болгон?
-- Кеңеш айылына таза кандуу англис тукумундагы жылкылар кайдан келген? Улуу Жибек жолундагы эски эл аралык ат жарманкеси кайсы жерде эле? Бир аз тарых жагына экскурсия кылсак, бул суроолорго жооп алганга жардам берет.
Тарыхта Улуу Жибек жолу менен келген кербенчилерден Кытай императорлору Кокон хандыгынын убагында Ала-Тоонун чоң, чыдамкай күлүк аргымактарын алып турушкан экен. Себеби, ал кезде кытайдын жылкылары чоң эмес болгон. Улуу Жибек жолундагы Кеңеш айылына кербенчилер токтоп, соодалашканына далил катары 2016-жылы табылганы мындан 2500 жыл биздин эрага чейинки коло доору. Ал азыр улуттук илимий академиянын тарых институтунун археология музейинде сакталып турат. Ошол кездеги кербенчилер Улуу Жибек жолу менен Кытайга бара жатышып, а жерге токтошуп, бир жумача өргүшүп, кудуктардан суу ичишип, кыргыздардын кымызынан даам татышып, чоң жылкыларынан ала кетишкен.
Өткөн тарыхты өз көзү менен көргөн кишилердин айтканы боюнча 1922-жылы Улуу Жибек жолу менен Россиядан кербенчилер Кытайга бара жатышып, Кеңеш айылындагы Ысак Кочкорбаевдин үйүнүн (азыр үй музейи) алдындагы кудукка токтошуп, суу, бозо, кымыз ичишип, эс алышып, соодаларын жүргүзүшкөн учурда Ысак өзүнүн жеке менчик чарбасында өстүргөн буудайын орус кербен башчынын Кытайга алып бара жаткан таза кандуу англис тукумундагы аргымагына алмашкан (!) деп эскерет Ысак Кочкорбаевдин жубайы Тыныстан кызы Ширин апа. Ошол тарыхый алмашуудан баштап Кеңеш айылынын тургундары жылына бир жолу өткөн Улуу Жибек жолунда Россия, Казакстан кербенчилери менен соода жүргүзүшүп, англис тукумундагы Ала-Тоодо өскөн кыргыз жылкысына же башка буюмдарына алмашып турушкан. Жогорудагы суроолорго ушундай фактылар жооп берет.
Кочкорбаевдин тулпарлары фронтто
-- Тарыхта XIX-XX кылымдарда орустун падышалары дондук казактарды жиберип, кыргыздардын Ала-Тоосундагы чыдамдуу күлүк жылкыларын алып кетип турушкан.
1939-1940-жылдары генерал И.В.Панфилов республиканын военкому болуп иштеп турганда, Ысак Кочкорбаев жетектеген миллионер “Кеңеш” колхозунун жылкыларын тандап, маршал Будёныйдын ат кавалериясына кыргыздын үйрөтүлгөн аргымактарын жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк болгон.
“Кеңеш” колхозунан Улуу Ата мекендик согушка 150 колхозчу жөнөшкөн. Кочкорбаев айыл аймагынан (Октябрь сельсовети, “Кеңеш”, “Будёновка”, “Социальный”, Курманалиев айылы) 500гө жакын киши кетиптир. Тилекке каршы, алардын жарымы согушта каза табышкан.
1941-жылы “Кеңеш” колхозунун эски чоң клубунда маршал Будёныйдын ат кавалериясынын жана генерал Панфиловдун №386 дивизиясынын бөлүктөрү куралып фронтко жөнөшкөн эле.
1942-жылы февраль айында Ы.Кочкорбаев өкмөттүн буйругу менен эмгекчилердин атынан делегацияны жетектеп, Волхов фронтундагы жоокерлерге жылуу кийим, азык-түлүктөрдү алпарган. Муну үй музейдеги 1942-жылы февраль айында Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы Ваговдун Ысак Кочкорбаевге берген күбөлүк-кат мандаты тастыктап турат.
1942-жылы жайында Ы.Кочкорбаев колхозчулары менен өлкөбүздүн эмгекчилерине кайрылышкан: “Панфилов атындагы 8-дивизиясынын гвардейский корпусун шевствого алалы” деп. Аз өтпөй үч жумуш күндүн акчасын, 50 кой, 25 жылкы, 30 чочко жана жылуу кийимдерди, толтура азык-түлүктөрдү жөнөтүшкөн.
Үй музейдин чоң бөлмөсүндө 1941-жылдын 20-ноябрындагы “Советтик Кыргызстан” гезитине жазылган: “Кеңеш” колхозу Кызыл Армиячыларга 55 кыргыз аргымагын, бүт кавалерия жабдыктары менен берди” деп.
1941-1945-жылдар аралыгында “Кеңеш” (азыркы Кочкорбаев айыл аймагы) колхозу 450 кыргыздын аргымактарын (толук жабдыктары менен) Кызыл Армияга жөнөтүшкөн. Улуу Ата мекендик согушта Кочкорбаевдин тулпарлары, Будёныйдын ат кавалериясы Берлинге чейин барып, Ала-Тоонун кыргыз жылкыларынын өзгөчө чыдамкайлуулугу далилденген. Тулпарлардын дүбүртү алыска угулат...
Ата мекендик согуш убагында фронтту колдоп, баа жеткис салым кошуп, жеңиш күнүн жакындаткан Ы.Кочкорбаев жетектеген миллионер “Кеңеш” колхозундай бир да чарба өлкөбүзгө жардамын бере алган эмес. Бул чындыкты тарыхчылар нечен ирет тастыктап да, далилдеп да беришкен. Ушул себептен, 1948-жылдын май айында маршал Будёный СССР айыл чарба министрлигинин орун басары болуп турганда Ы.Кочкорбаев жетектеген “Кеңеш” колхозуна атайын келип ыраазычылыгын билдирип, рахматын айткан.
Ысак Кочкорбаев – “Новокыргыз” асыл тукум жылкынын негиздөөчүсү
-- 1948-жылы жазында миллионер “Кеңеш” колхозуна атты баалай билген чоң адис Семён Михайлович Будёный келген. Музейдин чоң бөлмөсүнө киргендер ошо кездеги колго тартылган атактуу Виктор Степанович Тюриндин чоң сүрөтүн көрүшөт. Сүрөттө атактуу жылкычы, улакчы, согуштун ардагери, саяпкер Байзак уулу Жумакмат “Кер-төбөл” аттуу кыргыз тулпарын жетелеп келип Кочкорбай уулу Ысакка берет. Ысак болсо тулпарды маршал Будёныйга тартуулайт. Ошондо күлүктөрдүн даанышманы Семён Михайлович Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш шартына, жылкыларыбыздын өзгөчө чыдамкайлуулугуна жана күлүктүгүнө сөз жеткис мааниде таасирлениптир.
“Кеңеш” колхозунун фронтко жөнөткөн 450 аттары, анын атчан армиясы менен Берлинге чейин барганын эскерип, Ысак Кочкорбаевге, агасы Сыдыкка жана колхоздун жылкычыларына рахматын айткан. Бирок, малдын бойлору жапыс экенин белгилеп, атайын өзү менен кошо ала келген “Зофир” жана “Жосир” деген таза кандуу “Донской” породасындагы эки айгырды белекке берет. Ошол белекке берилген таза кандуу дончак тукумундагы “Жосир” жана “Зофир” аттуу эки айгырды 1940-жылдардан бери өстүрүп келген англо-кыргыз бээси менен селекция ишин жүргүзүп, уникалдуу “Новокыргыз” таза кандуу асыл тукум жылкысын чыгарууда Ысак Кочкорбаев ийгилик жаратат. Жаңы чыккан таза кандуу асыл тукум жылкыны башында “Будёный” породасы дешкен (И.Сталин өлгөнгө чейин). Кийин Кыргызстандын айыл чарба министрлигиндеги “Кирниж”, “Кеңеш” колхозунун тажрыйбасын башка колхоздорго, совхоздорго таратып, илимий ишин жүргүзүп, 1954-жылы 3-апрелде “Новокыргыз” породасы чыгарылды деп жарыялашкан. Бул породадагы жылкыны уникалдуу, эң чыдамдуу, чоң жана күлүк жылкылар деп, эл ичинде аларды таза кандуу аламанчылар катары айтышчу.
Бириккен Араб Эмиратында Кочкорбаевдин тулпарлары неге чабылбады?
-- Бир кезде Кыргызстанга алынып келинген англис тукумундагы жылкылар жыл өткөн сайын таза абалуу, тоолуу өрөөнгө ыңгайлашып, кереметтүү аргымактарга айланды. 1994-жылы Бириккен Араб Эмиратына алып барылган 6 күлүк буга күбө боло алат. Ы.Кочкорбаев атындагы жылкы заводунда өстүрүлгөн бул 6 аргымакты көргөндө араб шейхтеринин көздөрү күйүп, суктангандары коомчулукта чоң кызыгууну жараткан.
Аттиң ай, арманы көп дүнүйө, Ысактын күлүктөрүн алыскы Араб өлкөсүндөгү дүйнөлүк чоң чабышка салууга далалаттанып, демөөрчү болуп беришкен “Белек” кооперативинин жана Ы.Кочкорбаев атындагы гуманитардык кайрымдуулук фондунун аракеттери текке кетти. Ат чабышты экономикалык жактан тейлеген англиялык лорд биздин күлүктөрдү жарышка коштурбай койгон. Анын шылтоосу боюнча Кыргызстандын эл аралык Жокей-клубда тизмесинин жоктугу себеп болуп берген. Бул биринчиден эл аралык мелдештин эрежелеринен улам болсо, экинчиден, англичандардын кирешелүү булагына күчтүү атаандаштарды кошкулары келбегендиктен го...
Кыргыз тулпарлары дүйнөнү дүңгүрөтсө...
-- 1950-жылдардан тарта миллионер “Кеңеш” колхозуна чет мамлекеттен делегациялар жана туристтер көп келе баштаган. Алсак, АКШдан сенатор Роберт Кеннеди менен жогорку сотунун мүчөсү Ульиям Дуглас, ал эми 1955-жылы Венгрия мамлекетинин башчысы Жаныш Кадыр, ошого улай Кытай, Жапон, Корея мамлекеттеринин делегациялары, СССРдин политбюро мүчөлөрү ж.б. көп сандаган чет элдик меймандар “Кеңешке” келишип, жомоктогудай “Новокыргыз” жана англис породасындагы таза кандуу асыл тукум күлүктөрдүн ат жарманке көргөзмөсүнө күбө болуп турушкан. Аны менен катар Ысак Кочкорбаевдин үйүндө конок катары чай ичишет.
Тилекке каршы, бүгүн ошол уникалдуу “Новокыргыз” породаны жоготуп койдук. Себеби, кыргыздын таза кандуу бээси жок болду. Аталарыбыздан бизге калтырган мурасты Кочкорбаев атындагы гуманитардык, кайрымдуулук фонду эң чыдамкайлуу байыркы кыргыз жылкысын жана “Новокыргыз” таза кандуу асыл тукум жылкыны кайра жандантып өстүрүү максатта жылда өтүп турган Улуу Жибек жолундагы Кочкорбаев атындагы эл аралык көргөзмө-жарманкени кайра жандантуу план-долбоорун даярдаган. Бул долбоордун бирден-бир башкы максаты – өсүп келаткан жаш муунду “Новокыргыз” таза кандуу, асыл тукум жылкыны кайра жандантып өстүрүү үчүн жүрөгүнө сүйүү отун жалындатып, айыл элинин, коомчулуктун көңүлүн тартуу катары эсептелген. Ошондуктан Кочкорбаевдин үй музейиндеги “Аталарыбыздын жолдору, балдарынын багыты” деген уникалдуу экспозиция Кочкорбаев эл аралык көргөзмө-жарманкенин жыл сайын өтүп турушуна жана бул жерде чыгарылган “Новокыргыз” асыл тукум жылкыны кайрадан жандантып, жаңы багытта өстүрүүгө түрткү берип турат.
1939-1940-1947-1953-1954-1956-жылдары Москвада өткөн Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүнө катышкан биздин агаларыбыздын өстүргөн таза кандуу асыл тукум “Новокыргыз” күлүктөрүнүн көп жылдык тажрыйбасында жана башка чет мамлекеттик жарманке-көргөзмөсүндөгү алкагында жөн эле жылкы породасын өстүрө берген туура эмес. Себеби, ар бир кылган иш бааланып туруш керек. Таза кандуу кыргыз жылкысын өстүргөн фермерлер атаандашып, бирин-бири көрүп таасирленип, тажрыйба алмашып, туура жолдо баратканын түшүнүшөт. Ушундай эл аралык жылкы көргөзмө-жарманкесинде таза кандуу кыргыз жылкысын өстүргөн фермерлердин кылган иши бааланып, медаль, орден, кубок, сый баракчалар, акчалай сыйлыктарды алып, Кыргызстандын президенти же министрлер кабинетинин төрагасы жеңип алган күлүктүн ээси менен кылкылдаган элдин кол чабуусу алдында эстеликке сүрөткө түшүшсө, Ы.Кочкорбаевдин убагындагыдай дүйнөнү дүңгүрөтөрүн ойлойбуз.
Даярдаган Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити