Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рита Карасартова, укук коргоочу: “Камактагыларды кайра-кайра тинтүү уюштуруп, уктатпай жатыптыр”

Рита Карасартова, укук коргоочу: “Камактагыларды кайра-кайра тинтүү уюштуруп, уктатпай жатыптыр”

31-январь, 19:30
534 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Рита айым, “кемпирабадчылардын” соттук отуруму эмне болуп атат?

-- Бүгүн тергөөдө иликтеп чыккан нерсесин жана ал жерде акча алды деген нерсе жок экени айтылып, андан ары айыптоо актысын окуп баштады. Айыптоо актысын 265 барак майда шрифттен турган текст. Аны бери дегенде 2 ай окуйт окшойт.

-- Кимден, эмне деп баштады?

-- Алфавит боюнча тизме башталып, Абылов Мамбетжунус агадан баштады жана камактагы айыбы “Бийликти басып алуу” деген оор берене экенин окуду. Мындан сырткары, Бектур Асанов ооруканада, ошого карабай, жактоочулар “мыйзам боюнча айыпталган адамы жок кароого болбойт” дегенине карабай, айыптоо актысын угуза башташты. Негизинен 25 адамдын айыптары коёндой окшош. 

-- Соттук отурумга баары келиштиби, алардын абалдары кандай экен?

-- Алар бүгүн кайра-кайра тинтүү уюштуруп, уктатпай жатышканын жабыла айтып беришти.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер