Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эксперттер климат тездик менен начарлап баратканын белгилешет

Эксперттер климат тездик менен начарлап баратканын белгилешет

07-ноябрь, 16:44
274 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соңку сегиз жыл илимий байкоолордун тарыхында эң жылуу жылдардан болуп, деңиз деңгээлинин көтөрүлгөнү миллиондогон кишинин өмүрүнө коркунуч жаратууда. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун (ДМУ) эксперттеринин мындай корутундусу глобалдык климаттын абалы тууралуу 2022-жылкы алгачкы баяндамада айтылат. Жаңы баяндама Шарм-эш-Шейхте башталган климат саммитине тушташ 6-ноябрда жарык көрдү.

ДМУнун маалыматына караганда, соңку көрсөткүч 1850-1900-жылдардагы глобалдык абанын орточо температурасынан 1,15 градуска жогору болду. 2021-жылы дүйнөлүк океандын жылыганы жаңы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Адистер белгилегендей, деңиздеги суунун деңгээли 1990-жылдарга салыштымралуу эки эсе көтөрүлгөн. Мөңгүлөр соңку маалда тездик менен эрип жатканы байкалат.

ДМУнун башкатчысы Петтери Таалас глобалдык абага чыккан зыяндуу газдардын көлөмү азыркыдай өлчөмдө кала берсе Париж келишиминин шарттарын аткаруу мүмкүн эместигин билдирди. Эл аралык документ глобалдык абанын жылышын 1,5 градустан өткөрбөй кармап турууга милдеттендирет.

Таалас мөңгүлөрдүн эриши жүздөгөн, миңдеген жылдарга созулуп, таза суунун тартыштыгын жаратарын белгиледи.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер