Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Парламенттик шайлоого катышууга Төрөбаевдин “лимити” түгөндү. Кимге эрмешет?

Парламенттик шайлоого катышууга Төрөбаевдин “лимити” түгөндү. Кимге эрмешет?

29-ноябрь, 17:13
783 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин карьералык келечеги арасат абалда турат. Чоң саясатта ал принциби жок, эки-жакка секире берген фигура катары бааланууда. Көпчүлүк катмардын жек көрө баштаганы жашыруун эмес.

2007-жылы “Акжол” партиясы менен Бакыт Төрөбаев алгач ирет депутат болгон. Мындай ийгиликке жетиши – атасы Эргеш аксакалдын кадыры аркылуу эле. Андан соң өзгөчө кырдаалдар министрине көтөрүлгөн. “Соодагер баркы менен бөз өтөт, ата баркы менен кыз өтөт” деген лакап куп келишип турат да...

Көп өтпөй төңкөрүш болуп кетип, Төрөбаев акчанын күчү аркылуу Өмүрбек Бабанов түптөгөн “Республика” партиясына илинип, эл өкүлү катары парламенттен орун алат. “Ойногон” адаты калбаптыр. 2015-жылдагы Жогорку Кеңештин шайлоосуна өз алдынча “Өнүгүү-Прогресс” аркылуу аттанып, бирок көшөгө артынан президент Алмазбек Атамбаевден “бата” алганы желдей тарады эле го? Партиясы төмөнкү көрсөткүч менен болсо да өтүп келгени эсибизде. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Бабановго бириге калып, үгүт иштеринде өзүн “Премьер-министр” деп жаздырып, пиар кылган эле. Тилекке каршы, Бабанов жыгылгандан кийин Атамбаевди “апендинин кызындай” мактап, көнүмүш ойт берме позициясын көрсөтөт...

Учурда болсо Сооронбай Жээнбековду мактап, ортодон Райым Матраимовду жактап, учуп-күйүп атканын көргөндөр таңгалышууда. Сыягы, Төрөбаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон өтпөй каларын алдыртан сезип, бийлик партияларынын бирине жабышып, мандатка ээ болууну көздөп атса керек. Бирок, эл карап турат эй... 

Кыскасы, Төрөбаевдин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы үч-төрткө бөлүнүп кеткени, командасы эмес, электораты да жийиркенип калганы жалганбы? Кыргызстандын башка региондорун айтпай эле коелу, өзүнүн кичи мекени Жалал-Абад облусунан, керек болсо айылынан жетиштүү добуш ала албасын жергиликтүү элдер айтышууда. Убаданы олчойто берип, улам эле алдап кете берсе жарга такалат да. Башта атасы Эргеш аксакалдын кадыр-баркы менен добуш алып келсе, эми “лимитин” да түгөтүптүр. Аргасы кеткенде абройлууларды мактап, эптеп эле эмдиги жылкы ЖК шайлоосунда мандатка жетүү экен. Натыйжада, эски пластинканы айланта берүү, “алдаркөсөлүк” кылуу суу кечпей калды го?..


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер