Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улукбек Марипов маркум Айзада Канатбекованын үй-бүлөсүнө жакынкы аралыкта барат

Улукбек Марипов маркум Айзада Канатбекованын үй-бүлөсүнө жакынкы аралыкта барат

14-апрель, 18:45
852 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөт башчы Улукбек Марипов жакынкы аралыкта ала качуунун курмандыгы болгон маркум Айзада Канатбекованынүй-бүлөсүнө барат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Толкун Камчыбекова билдирген. 

Окуянын чоо-жайы:

27 жаштагы Айзада 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.

Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББнин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер