Ош ОИИБ начальниги Жеңиш Абидов аймактагы кылмыштуулукту азайтты


Акыйкат акыры чыгат экен. Ош ОИИБге Жеңиш Абидов жетекчи болгону мурдагыдай аша чапкан кылмыштуулуктун саны кыскарып, кадимкидей тартип орноп калганын жергиликтүү тургундар кабарлашты. Талап-тоноо, өлтүрүү, бейбашчылык сыяктуу иштер азайып, жергиликтүү эл коопсуз жашап калганына күбөбүз. Бул эмнени билдирет? Албетте, Жеңиш мырза коомдук-коопсуздук абалды колго алганы, алдын ала анализ жасоо менен өкүмзордуктарды токтотуп атканы да. Жасап аткан ишин пиар кылбаган, адамгерчиликтүү, профессионал кадр гана ушундай үлгү көрсөтөт. Дээрлик саясый элита, коомчулук да аймактагы ашкере кылмыштуулуктун азайганына баа беришүүдө. А баса, Ош ШИИБнин кылмыштарына Акылбек Мамасейитов жооп берет. Бул “Балашка” жасалма түр көрсөтүп эле иштебей жатканын өздүк курам да айтууда, акылга сыйбаган негизги ыпластыктар ушунун аймагында катталып атканы да жашыруун эмес...
"Азия Ньюс" гезити










