Акылга сыябы? Иниси 13 жылга кесилсе, агасы Эмирлан Зарылбек уулу Октябрь РИИБни башкарууда


Биз сөз кыла турган чуулганды “Кaktus.media” жазып, учкай маалымат таратыптыр. Албетте, ыңгайы келип турганда кыя кетирбей, адилеттүүлүк үчүн тереңдетип, ачыктап, “жиликтеп” берели.
Жайыл райондук соту Ш.Э.Ж менен З.Э.З. аттуу жарандардын ар бирин 13 жылга кескени маалымдалды. Булар 1,1 кг героин менен УКМК тарабынан кармалышып, оор айыпка кириптер болушкан. Береги З.Э.З. кадимки Октябрь РИИБ начальниги Эмирлан Зарылбек уулунун бир тууган иниси. Жакын уялашы өтө оор кылмыш иши менен соттолуп, күнөөсү далилденип атса, агасынын маанилүү кызматты жетектеп отурушу акылга сыйбайт да. Мыйзамдуулук, моралдык жагынан алганда дагы туура келбейт. Бул көрүнүштү кандайча түшүнөбүз? Эмирлан Зарылбек уулу токтоосуз түрдө өз эрки менен арызын жазып, Октябрь РИИБ начальнигинен басып кетиши керек эле. Тилекке каршы, креслосунда тырышып отурат. ИИМ, УКМК баа бербейби? Мындай ашмалтайы чыккан көрүнүш өнүккөн өлкөлөрдө орун албайт. Бизде гана “бок-жини” аралашып атканы өкүндүрөт...
"Азия Ньюс" гезити











