Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыныгы күлүк маарага аз калганда чуркайт. Канатбек Исаевде кандай сыр бар?

Чыныгы күлүк маарага аз калганда чуркайт. Канатбек Исаевде кандай сыр бар?

19-декабрь, 17:38
2 422 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттик шайлоого талапкерлер каттала башталганда эле Канатбек Исаевге түрдүү каралоолор орун алган. Саясатчынын кылган иши, сүйлөгөн сөзү сындалышы керек да. Тилекке каршы, фейктер менен троллдордун армиясы соцтармактардан ар кандай ушак-айыңдарды удургутушуп, күчтүү атаандашты мокотууга далбасташты. 

Бирок, кааралоо кампаниясы тескери жыйынтыгын берүүдө. Эркин социологиялык сурамжылоолордун көпчүлүгүндө Садыр Жапаров биринчи орунга чыкса, Канатбек Исаев экинчи, Адахан Мадумаров үчүнчү катарда келатат. Бул эмнени билдирет? Шайлоонун 2-туру болору, 10-январдагы тандоодо элдин активдүүлүгү начарлап калары күтүлүүдө. (Жаңы жылдан кийинки маанай, кыштын суугу ж.б. негиздер бар.) Калыс иликтөө боюнча Садыр Жапаров 38%, Канатбек Исаев 25%, Адахан Мадумаров 12% көрсөткүчүнө ээ болору айтылууда. Ошондо 2-турда баардык талапкерлер Канатбек Исаев менен биригүүгө келишери айкын. Бул жагынан алдыртан эле сүйлөшүүлөр жүрүп, божомолдор иш жүзүнө ашканы калдыбы?..

Кызыгы, учурда анчалык активдүүлүгү байкалбаган Канатбек Исаев чыныгы күлүктүн мисалындай маарага чукул калганда чуркай турганы, соңунда гана дараметин көрсөтүп, маңдайга жазган ырыскысын илип кетери бааланууда. Анын күрөшүү ыкмасы кыска аралыкта ийгиликке жетүү. Жакында кызыктуу ачылыштар, курч пикирлер жанданары жашыруун деле эмес. Жеңишти багындыруу үчүн сыр да ачылмакчы...


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер