Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президент душманды дос кылып, айкөлдүк, даанышмандык деңгээлге көтөрүлсө...

Президент душманды дос кылып, айкөлдүк, даанышмандык деңгээлге көтөрүлсө...

03-апрель, 19:30
487 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кайсы бир саясатчы тарабынан президентке реалдуу сын-пикир айтылса, же сунуш берилсе эле даяр турган фейктер жабыла дүргүшүп, оозга алгыс ыплас сөздөр менен шыбап киришет экен. Бул көрүнүш көнүмүшкө айланганы өкүндүрөт. Дал ушундай бузукулукту кимиси уюштуруп жатса да, эртең өкүнүп калышы мүмкүн. Тез арада Садыр Жапаровдун айланасындагы акыл-эстүүлөр фейк-фабрикаларды тыйыш керек. Жасалма пиар жүргүзүүдөн арылып, коомчулукка таасир эткен журналисттер менен иштешүүгө, ымала түзүүгө жол ачуу мезгилдин талабы болуп турат. Эгерде президентке негиздүү сындар айтылса, гезиттерге жазылса, бул жагын туура кабыл алып, анализдеп, анан жыйынтыгын чыгаруу зарыл. Эң коркунучтуу нерсе – мактагандык, кошомат кылуу! Ар бир президентти ушундай жагымпоздук, жолдон адаштыруу менен аңга түртүп келишкен. Ошондой эргулдардын тобу азыр да күжүлдөп иштеп жатышат. Тескери жол көрсөтүшүп. Андыктан, Садыр Жапаров өзүнө айтылган түрдүү пикирлерге баам салып, ортодогу алтын сызыкты кармоого далалат кылуусу шарт. Каршылаш саясый күчтөр менен сүйлөшүп, алардын пикирлерин угуп койсо да ашыктык болбос. Мамлекетти башкаруу тамаша эмес. Анүчүн өзгө-жатка бөлбөй, баардык тараптарды талдап, эгерде ыңгайы келсе душманды дос кылууга, каршылаштарды жанына жакындатууну тандаса, мунун өзү даанышмандык катары сыпатталмак. Бийик болуу, айкөлдүк гана караңгыдан жарыкка жол салат эмеспи. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер