Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мырзабек Жыпаркулов кесипкөй эмес, адашкан кадр

Мырзабек Жыпаркулов кесипкөй эмес, адашкан кадр

12-август, 12:00
558 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
КР министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов да саясатчылардай эле дүрбөп, баскан-турганын видео, сүрөттөргө тарттырып, жарнама менен алек болуп жүрөт. Кыйраткан ишин деле көрө элекпиз. Иралды курулуш объектилерин санап, ошого корстон экен. Аныгында, бул кесипкөй кадр эмес. Архитектура, курулуш тармагына эч кандай тийешеси жок, адашып келип эле конуп калган. Адистиги туура келбесе, маселени тереңден билбейт да, туурабы? Бизде эми ушундай, өз тармагына профессионалдар четке сүрүлүп, Мырзабекке окшогон таянганы барлар жогорку кызматтарга жулкуна беришет. Эптеп эле “майталканга” келишсе, ошол бакытпы? “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деп бекер айтылбаса керек. Буга чейин М.Жыпаркуловдун кол астында иштеген бир топ кызматкерлер коррупцияга айыпталышкан, өзү адаттагыдай эле камырдан кыл сууругандай образда. Мамлекет качан өнүгөт? Ар бир тармакка кесипчилиги бап келген таза кадрлар келгенде гана алдыга жылабыз. А болбосо бүгүнкүдөй таз кейпибизден арылбай кала беребиз. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер