Башкалардан Азамат Токтоналиевдин атан төөдөй айырмачылыгы бар

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Азамат Токтоналиев дээрлик кылмыштардын алдын алуу, профилактика жүргүзүү жагынан алгылыктуу жумуштарды аткарып атат. Видео байкоолорду жайылтып, түшүндүрүү, пропагандалык аракеттерди дыкат алып барууда. Ар кандай терс көрүнүштөргө оперативдүү чаралар көрүлгөнү кубандырат. Мурдагы жылдарга караганда кылмыштуулуктун саны кескин түрдө азайганын байкап атабыз.
Акыйкаттан алганда, Азамат Токтоналиев борбор калаанын коопсуздугу, тынчтыгы үчүн жан аябай эмгек кылып, өзүн профессионалдуу жетекчи катары көрсөтүп койду. Акыл-эстүү адамдар туура баа берип атканына күбө болуудабыз. Негизи Бишкек шаарында 1,5 миллиондой калк жашаса, күнүгө жүз миңдеген адамдар кирип-чыгышса, элестетип көргүлө, жумуш кандай оор экенин! Ал эми өздүк курамдын саны чектелүү. Бул жагына да талдоо жүргүзөлү. Мына ушундай татаал жагдайда баардык жүктү Азамат Токтоналиев өз мойнуна алып, туруктуулукту камсыздоонун башында турат. Милициянын аброюн көтөрүү, жалпы курамга кам көрүү түйшүгү жеңил эмес. Сыртта туруп алып сындап, же кыйкым издөө оңой, а ичтеги көйгөйлөрдү чечүү, элге кызмат кылуу машакаты оор эмеспи.
Адилеттүүлүк үчүн баса белгилей кетели, мурдагы начальник милицияларга караганда Азамат Токтоналиев атан төөдөй айырмачылыкта эмгектенип, ажаат ачкандай аракетин көрсөтүүдө. Дегенибиз, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын өнүгүү жолуна түшкөнү буга далил. Август айында каарманыбыздын бул кызматка келгенине эки жыл толот. Демек, ИИМдин жобосуна ылайык, генерал-майор чин-даражасын алууга мыйзамдуу алкакта укуктуу экенин эскерте кетели. Айрым кыянаттык кылган күчтөр бут тосуп эле койбосо, бул ийгиликтин жүзөгө ашарынан үмүт кылалы. Албетте, Кудайдын буйругу, анан министр Улан Ниязбековдун колдоосу менен...
"Азия Ньюс" гезити