Акыркы кабарлар
» Саясат » Турат Акимов, саясат таануучу: “Кыргызстан коронавирустун таштанды зынданына айланды”
Турат Акимов, саясат таануучу: “Кыргызстан коронавирустун таштанды зынданына айланды”
22-сентябрь, 18:55
1 390 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Саясат таануучу Турат Акимов кейиштүү пикирин бөлүштү.
“Кызымдын Япониядагы кесиптеши билимин жогорулатып окуп жүрөт. Жапон улутунун коопсуздугу үчүн ал эки жумага карантинге алынды, алтургай тамак-ашын мейманкананын бөлмөсүнө алып келишет экен, чыгарбай. Ошондой эле Дубай өзүнүн аэропортун пакистандыктар, индиялыктар жана башкалар үчүн жаап салды.
Бирок Кыргызстанда пакистандыктар эки жума бою беткапсыз тартаңдашып, алтургай Ысык-Көлду мончо кылышты. Алар биздин көлдүн ыйыктыгын уруп да койбоду. Аларга Ганг, Инд же Брахмапутра – бир эле бадыраң сыягы.
Бирок биздин бийлик пакистандыктардын акчасына ыраазы болуп, аларды эч карантинге албады. Ошентип Кыргызстан коронавирустун таштанды зынданына айланды. Реалдуу өлкөдө булар жок дегенде Гансиден ары чыкмак эмес. Бирок бизде коопсуздуктан дагы ачкөздүгүбүз күч экен. Андыктан, жаңы вариант штаммдар пайда болсо эч таңкалбаңыз...”