Өзүмдөн 11 жаш улуу адамга ашык болуп, тагдырымды талкаладым

Менин жашоомду, жаштыгымды жоопсуз сүйүү талкалады. 18 жашымда өзүмдөн 11 жаш улуу адамга ашык болуп, акыл-эсимди жоготтум. Беш жылым, жалындуу жаштык курагым ошол сезимдерге арналып, өкүнүчтө өткөрдүм. Кээде ага социалдык тармактарда жазып турдум, майрамдарда куттуктадым, сүйлөшүүгө аракет кылдым, бирок эч нерсе өзгөргөн жок.
Бир жылдан кийин эле унутуп, теңтуштарым менен жолугуп, мамиле куруп баштасам эмне? Бирок мен андан башка эч кимди айланамдан көрө алган жокмун. Жолугушууларга барууга аракет кылганым менен жүрөгүм башка бирөөнү кабыл ала албады. Үч жылдан кийин гана ага сезимдеримди жеңилирээк социалдык тармак аркылуу билдирдим, жөн гана мага жагарын айттым. Бирок чындап айта турган болсом, акылымды жоготуп, уйкусуз түндөрдү өткөрүп, ыйлаганымды билдирбедим. Ансыз деле жооп болбоду.
Азыр өзүмдү таптакыр жоготуп койгондоймун. Эми жашым өткөн сайын сүйүктүү адамымды табуу кыйын шартка айланууда. Ички дүйнөм эзилип жүрөт...
Зарина
"Азия Ньюс" гезити