Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда ВИЧ менен ооругандардын расмий саны 11 миңден ашты

Кыргызстанда ВИЧ менен ооругандардын расмий саны 11 миңден ашты

01-декабрь, 11:42
1 530 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда ВИЧ жуктуруп алгандардын расмий эсеби 11 миңден ашты. Алардын 10400гө жакыны кыргызстандыктар, калганы чет элдиктер.

Оору аныкталгандардын 63%ы эркек, 37%ы аялдар экенин республикалык СПИД бирикмеси кабарлады. 11 миңден ашуун адамдын 36%ы маңзатты ийне менен сайынуудан улам, 48,5%ы жыныстык катнаш аркылуу жугузган.

Расмий маалыматка таянсак, өлкөдө ушул тапта ВИЧ илдетине чалдыккан 1817 кош бойлуу келин бар. Акыркы үч жылда ВИЧ инфекциялуу 1500 аял көз жарган. Бир жарым жашка чейинки 400гө жакын бала дарыгерлердин каттоосунда турат.

ВИЧтин акыркы стадиясы – СПИД. Бул оорудан Кыргызстанда ушул күнгө чейин 2500ге жакын адам каза тапкан.

1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер