Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскарбек Күрүчбеков: “Түрк боордошторго аманаттарды тапшырып келдик”

Аскарбек Күрүчбеков: “Түрк боордошторго аманаттарды тапшырып келдик”

22-февраль, 09:00
271 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештеги “Ыйман нуру” фракциясынын жетекчисинин кеңешчиси менен ат жалында маек.

-- Күрүчбек мырза, Түркиянын кырсык болгон калааларында экенсиңер. Азыр акыбал кандай? Кандай окуяларга дуушар болуп жатасыңар?

-- Азыр Кудайга шүгүр, көп өлкөлөрдөн куткаруучулар келишип, иштеп, абал акырындап турукташып жаткан экен. Кыйраган үйлөр, уранды алдынан чыккан маркумдар, үйсүз, иши жок, жакындарын жоготкон адамдар кадам сайын кезиккенде жүрөк ооруйт. Учурда ал жерлерге жөнөкөй адамдар киргизилген жок. Элдер азырынча чатырларда, жеңил түзүлүштө жасалган жерлерде жашап жатышат. Башка шаарлардан тамак-аш кенен-чонон келип жатат. Булар ишинен, үйүнөн ажырап калгандыктан, акчага муктаж болуп турушат. Көп кабаттуу үйлөрдүн баары талкаланып жатат. Дагы деле уранды алдында калган адамдарды чыгарышууда. Бул жерге келгенибизге 3-4 күн болду. Өлкөбүздөгү активисттердин боордошторго деген аманаттарын жеткирүү үчүн келгенбиз. 

Кыйналып жаткан муктаждарга баарын акчалай тапшырдык. Атайын уктоочу каптарды ала келгенбиз. Алар тапшырылды. Бул жерде жашаган, чатыр издеп жүргөн айрым кыргыз эжелерибизди да жолуктурдук. Мен ак калпак кийип жүрсөм, кызыгып артымдан келген вандык кыргыздар менен да баарлаштык. Биздин куткаруучулар жайгашкан лагерге барып, алар менен да учурашып кайттык. Эми мындан ары жакшылыктар эле болсун!


Жамиля Нурманбетова

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер